Коронавирус 7 адамдын өмүрүн алды, 379 киши оору илештирди. Соңку маалымат

© AP Photo / Andreea AlexandruОорукананын коридорунда медициналык кызматкер. Архив
Оорукананын коридорунда медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Ооруну жеңе албай калган бейтаптардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө жана дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан.
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясын 379 киши жуктуруп, 304 адам айыкты, тилекке каршы, жети киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдет жуктургандар:
  • Бишкек — 240;
  • Чүй облусу — 103;
  • Ысык-Көл — 13;
  • Нарын — 9;
  • Баткен — 5;
  • Ош — 5;
  • Талас — 2;
  • Ош — 1;
  • Жалал-Абад — 1.
Пандемиядан бери оору 99 033 кишиден чыкты.
Өткөн суткада жети адам ооруну жеңе албай калды. Алардын бешөө Бишкекте, бирөө Чүйдө жана дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Коронавирус жалпы 1 667 кишинин өмүрүн алды.
Айыккандар:
  • Бишкек — 191;
  • Чүй — 75;
  • Ысык-Көл — 17;
  • Жалал-Абад — 7;
  • Ош облусу — 3;
  • Ош — 5;
  • Нарын — 6.
Ушуну менен 92 120 киши айыкты.
Учурда стационарда 1 703 бейтап дарыланууда. Анын ичинен тогуз адамдын абалы канааттандырарлык, 1 152си орточо, 447си оор жана 95си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 2 542 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0