Жылдыз Бакашова COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штабды жетектейт

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Республикалык штабды буга чейин азыркы министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков жетектеп келген.
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Кыргызстанда Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.
Марипов эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөргөнүн айтты.
"Биз коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорулап жаткандыгын байкап жатабыз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору күч алды. Тилекке каршы, күн сайын жарандарыбыздан айрылып жатабыз. Пандемия коомдун ар бир мүчөсүнөн аң-сезимдүүлүктү, жөнөкөй санитардык эрежелерди сактоонун маанисин түшүнүүнү жана кабыл алууну талап кылууда", — деген Марипов.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы вакцинациялоо темпин тездетүү керектигин белгиледи.
Эске сала кетсек, Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабды буга чейин азыркы министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артем Новиков жетектеп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0