Өлгөнгө чоң мал союп, тойго 200 киши чакырууга тыюу салынабы? Мыйзам долбоору

© Sputnik / Табылды КадырбековЭт көтөрүп бараткан официант. Архив
Эт көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Демилгечи депутат той берүү үчүн айрым жарандар кошуна-колоң, туугандардан уялганынан карызга акча алууга, кийин андан кутулуу үчүн иштегени чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болуп жатат деп эсептейт.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат.
Жогорку Кеңештин сайты аркылуу "Үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи — депутат Улукбек Ормонов.
Кыргызстанда той-топур менен тажиянын чыгымын кыскартуу сунушталып жатат. Кандай карайсыз?
Себептер — түшүндүрмөдө айтылганына караганда, акыркы жылдары мындай иш-чараларды өткөрүүдө мактануу, өзүн көрсөтүү, ашыкча коромжулук сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешүүдө. Мындан тышкары, айрым жарандар мындай иш-чараларды өткөрүү үчүн каражатты карызга алып, төлөп бериш үчүн миграцияга кетип жатышат. Айрымдар мындай иш-чараларды кошуналар жана туугандар тарабынан сындоолордон кутулуунун бирден-бир жолу катары кабыл алууда.
Максаты — жарандардын арасында ашыкча коромжулук, шаан-шөкөт фактыларын жок кылуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында иштелип чыкты.
Талаптар:
  • Той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Үлпөт тойлор 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил автоунааны колдонуу менен өткөрүлөт;
  • Сөөктүү коюу, жаназа окуу иш-чараларында катышуучулардын саны чектөөсүз. Бирок ири мүйүздүү мал жана жылкы союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдарга 100дөн ашпаган адам чакырылат, анда дагы чоң мал союуга болбойт;
  • Зыяратчыларды узатуу жана тосуу учурунда үй-бүлө, жакындар менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат;
  • Үлпөт той, маараке салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, ал эми жумушчу күндөрү саат 18.00дөн 22.00гө чейин жүргүзүлөт.
  • Айып пул: эрежелерди бузгандар 8-категориядагы айыпка жыгылышат. Башкача айтканда, жеке тараптар — 17,5 миң сом, юридикалык тараптар 55 миң сом төлөйт.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0