11:55 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
27 0 0

Согуштун тарыхын бурмалагандар менен күрөшүүдө атайын багыттагы мамлекеттик саясат керектиги айтылды.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалагандар менен күрөшүүдө ЕАЭБ, ШКУнун деңгээлинде кабыл алынган мамлекеттер аралык биргелешкен стратегия зарыл. Бул тууралуу коопсуздук темасындагы эксперт Таалайбек Жумадылов айтты.

Өзүнүн пикири менен ал "Постсоветтик аймак ичиндеги геосаясатта Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалоо: позициялар, маалымат булактары, таралуу масштабдары" деп аталган онлайн-конференция учурунда бөлүшкөн.

Иш-чараны Кыргызстандагы "Пикир" деп аталган аймактык эксперттердин клубу жана Кемероводогу мамлекеттик медициналык университет уюштурду.

Эксперттин айтымында, тарыхты бурмалагандардын ишине каршы аракеттер жасалышы керек.

"Тарыхтын беделин кетирүү максатында жасалган бурмалоо өтө кенен масштабдагы иш, аны геосаясат боюнча каршылаштарыбыз каржылап жатат. Бул элдин достугун ичинен бузуу максатында жасалууда. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын бурмалагандар менен күрөшүүдө атайын стратегия зарыл. Аны ЕАЭБ, ШКУнун деңгээлинде иштеп чыгуу керек", — деген Жумадылов.

Ал фальсификация менен күрөшүү үчүн атайын багыттагы мамлекеттик саясат талап кылынарын кошумчалаган.

Тема боюнча

Өлбөстүккө кадам шилтей: Улуу Ата Мекендик согуштун биз билбеген баатырлары
Белгилер:
Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш, тарых, күрөш

ЭҢ МААНИЛҮҮ