Беш бала менен жесил калган. Орозбек Кутманалиев жөнүндө 6 факты

© Фото / Александр ФедоровАктер, режиссер, дастанчи Орозбек Кутманалиев
Актер, режиссер, дастанчи Орозбек Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Бүгүн кыргыз киносунун өчпөс жылдызы, белгилүү актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиевдин туулган күнү.
Төкмөлүктү, обончулукту, дастанчылыкты аркалаган таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 89 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Филармониядан качкан өспүрүм. Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуштун оор жылдарына туш келип, курбалдаштары менен чоңдорго кол кабыш кылып талаада иштеп өскөн. Ошол жылдары өспүрүм өз алдынча комуз черткенди үйрөнүп, той-топурларда өз өнөрүн тартуулап да калчу экен. Ошентип, чоң атасы жаштайынан ыр-күүгө жакын небересин Осмонкул Бөлөбалаевге табыштаган. Ал эми атактуу ырчы Ашыралы Боталиев айылдарды аралап жүрүп 13 жаштагы Орозбектин үнүнө баа берип, аны борбор калаадагы филармонияга алып келген. Ал жактан артисттердин сынынан өткөнү менен шаардын жашоо-шартына көнө албай, жакындарын, досторун сагынып кайра айылга кетип калган. 
© Фото / Александр ФедоровТөкмөлүктү, обончулукту, дастанчылыкты аркалаган таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 89 жашка толмок
Режиссер, сказитель, дастанчи Орозбек Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Төкмөлүктү, обончулукту, дастанчылыкты аркалаган таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 89 жашка толмок
Жубайынан ажырап... Болочоктогу белгилүү актёр аскерде кызмат өтөп келип эмгек жолун республикалык куурчак театрында баштап, он жылдан кийин гана өзү эңсеген Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга солист болуп кирет. Таланттуу аткаруучу куттуу жерде төкмөлүктү аркалап, дастан айтып, обон жаратып, чыгармачылыгы оргуштап турган. Ал жылдары актёр келинчеги Гүлнара менен үч уул, эки кызды өстүрүп жатышкан. 1969-жылы кайгылуу окуя болуп, күйдүргү (сибирь жарасы) оорусунан улам аялынан ажырайт. Жеке жашоосунда оор соккуга учураган ата кичинекей чүрпөлөрү менен жалгыз калган. 
Күнү-түнү иштеген ата. Чыгармачыл инсан уул-кыздарына апасын жоктобосун деп филармониядагы жумушун таштап, бир нече ай үйдө балдары менен отурат. Андан соң Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинде режиссёр, диктор болуп эмгектенген. Күндүз радиодо иштесе, түнкүсүн кинофильмдердин дубляжын жасаган. Анан Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында артист, 1970-жылдары "Кыргызфильмде" дубляж боюнча режиссёрлукту аркалаган. 
34 жаштагы студент, боксчу. Актёр Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 39 жашында аяктаган. Ашыраалы Айталиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевден сабак алып, төкмөлүктү аркалап, дастан жана терме ырларын мыкты аткара билген. Ошондой эле бир нече ырга обон жазып, волейбол, баскетбол, бокс менен да машыккан. Ал эми жашы өтүп калганда аталган спорттун түрлөрүнүн туруктуу күйөрманы болуп Кыргызстандагы ири мелдештерди калтырчу эмес.
Аткарган ролу үчүн таяк жеген актёр. Көп кырдуу талант өзүн кино тармагында режиссёр Юрий Борецскийдин "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасында жылкычынын ролун аткарып аралашат. Кийин Болот Шамшиевдин "Ак кеме", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Бөрү зындан", "Эрте келген турналар", "Адамдар арасында", Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз", Мелис Убукеевдин "Ак Мөөр", "Сүйүү закымдары", Дооронбек Садырбаевдин "Түркүн тагдырлар", "Махабат дастаны", Кадыржан Кыдыралиевдин "Өрүкзардагы баян", Геннадий Базаровдун "Жаңылуу" өңдүү 20га жакын фильмде образ жаратып, дайым кыргыз кинематографисттердин суроо-талабында болгон. Чебер актёр тартылган тасмаларынын ичинде "Ак кемедеги" Орозкулдун ролун өтөсүнө чыгара ойногон. Ал кино калың элге сунушталганда Орозбек Кутманалиевге сценарий боюнча "балык болуп кеткен" кичинекей Нургазы үчүн кол көтөргөн көрүүчүлөр да болгон. 
Он бир баланын атасы. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти кийин кесиптеши Фатима апа менен экинчи турмуш куруп, жубайлар алты балалуу болгон. 35 жыл чогуу жашаган түгөйлөр алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн. Азыр Фатима Кутманалиева уул-кыздарынын жанында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүп келет. Жашоодо өтө жөнөкөй, боорукер, ак көңүл актёр пенсияга чыкканда да дыйканчылык менен алектенип, Чүй облустук театрда артист, аксакалдар сотунда төрага болуп иштеген. Залкар артист 2005-жылы оорудан улам 73 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. 
© Фото / Александр ФедоровКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти кийин кесиптеши Фатима апа менен экинчи турмуш куруп, жубайлар алты балалуу болгон. 35 жыл чогуу жашаган түгөйлөр алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн
Режиссер, сказитель, дастанчи Орозбек Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти кийин кесиптеши Фатима апа менен экинчи турмуш куруп, жубайлар алты балалуу болгон. 35 жыл чогуу жашаган түгөйлөр алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн
Материал КР эл артистинин жакындары, замандаштарынын эскерүүлөрүнүн негизинде жасалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0