04:05 16 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5529
  • EUR102.5669
  • RUB1.1771
Коом
Кыскача шилтеме алуу
158 0 0

Кыргызстандыктарды жана мамлекет башчыны беш өлкөнүн башчысы Жеңиш майрамы менен куттуктап, согуш ардагерлерине ыраазычылык билдиришкен.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Президент РФ Владимир Путин встречает в Кремле глав иностранных государств, приглашенных на военный парад в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов.
© Sputnik / Алексей Никольский
Россия президенти Владимир Путин
"Бул даңазалуу майрамды белгилөө менен биз нацизмди талкалаган ата-бабаларыбызга таазим этип, сый-урмат көрсөтөбүз. Катаал согуш жылдарында чыңалган достуктун жакшы салттарына таянып, кыргыз-орус союздаш мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайбыз деп ишенем", — деп айтылат Путиндин куттуктоосунда.

Россия президенти Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узак өмүр тилеген.

Кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен коңшу мамлекет Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев куттуктады. 

1 февраля 2020. Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев во время встречи с председателем правительства РФ Михаилом Мишустиным в резиденции президента в Нур-Султане.
© Sputnik / Александр Астафьев
Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев

"Бул ыйык күндө келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз. Бузулбас достуктун, бир боордоштуктун жана өз ара колдоонун эбактан бери келе жаткан салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого бекем негиз болуп берерине ишенем", — деп жазылат Токаевдин куттуктоосунда.

Жеңиш майрамы менен Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев да куттуктап, жеңишке салым кошкон ата-бабаларга ыраазычылыгын билдирген. 

Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев на заседании Совета глав государств Содружества Независимых Государств (СНГ). 11 октября 2019 года
© Sputnik / Алексей Дружинин
Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев
"Согуш талааларында каармандык менен салгылашкан, тылда жан аябай эмгектенген ардактуу ардагерлерибизге сый-урмат менен мамиле кылабыз, аларга бүгүнкү ачык асман, бейпил турмуш үчүн ар дайым ыраазыбыз. Жогорку деңгээлдеги диалогубуз ортодо жетишилген макулдашууларды толугу менен жүзөгө ашырууга, түбөлүк достукка, ынак коңшулукка жана стратегиялык өнөктөштүккө кызмат кылат деген ойдомун", —деген Мирзиёев.

Ушундай эле каалоо-тилегин кыргыз элине Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы жолдогон. 

© Sputnik / Алексей Дружинин
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
"9-Май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достугу, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да эки элдин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем", — деген Рахмон.

Ал Садыр Жапаровго чың ден соолук, жаңы ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалаган. 

11 октября 2019. Президент, председатель кабинета министров Туркмении Гурбангулы Бердымухамедов на заседании Совета глав государств Содружества Независимых Государств (СНГ).
© Sputnik / Алексей Дружинин
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Жеңиш майрамына карата куттуктоо Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон да келген. Мамлекет башчысы согушта салгылашкан ата-бабалардын эрдигин, эмгегин унутпаш керектигин белгилеп, кыргыз элине тынччылык, бакубатчылык тилеген. 

Тема боюнча

Бишкекте Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием болду. Сүрөттөр
9-май — каармандыктын символу. Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күн менен куттуктады
Белгилер:
куттуктоо, президент, Улуу Жеңиш, жеңиш, Садыр Жапаров, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ