13:59 18 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6400
  • EUR101.1490
  • RUB1.1674
Коом
Кыскача шилтеме алуу
471 0 0

Келе жаткан жума өткөн аптага караганда салкыныраак болору божомолдонду. Өлкө боюнча жаан жаап, күн күркүрөйт.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада айрым күндөрү күн ачык болсо, айрымдарында, тескерисинче, күн күркүрөп, нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 10-майда күндүз 14 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй өрөөнүндө апта негизинен жаан-чачындуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 10-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Таласта жуманын алгачкы күндөрү жаан жаап, 12-13-майда ачылат. Түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.

Ош облусунда дагы аптанын басымдуу бөлүгүндө күн бүркөлүп, жаан жаап турат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Жалал-Абад облусунун тургундары бул жумада күндүн көзүн көрчүдөй эмес. Дыйканчылык аймактарында жаан, тоо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлүүдө. Күн күркүрөп, 10-майда кээ бир райондордо ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болот.

Баткенде 12-13-майдан башка күндөрү жаан-чачындуу болот. Тоолуу аймактарда кар жаап, жолдор тайгак болору божомолдонду.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында деле өлкөнүн башка аймактары сыяктуу маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшүп, 10-11-май күндөрү катуу шамал болот.

14-15-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Тема боюнча

Адаттагыдан ысык болот! Май айына карата аба ырайы
Белгилер:
жаз, апта, аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ