"Манас" аэропортунун директорлор кеңеши алмашты

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Кеңештин дээрлик бардык мүчөсү алмашып, бир гана Маммүлк фондунун мурдагы төрагасы Ренат Түлөбердиев кайра шайланган.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы алмашты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Международный аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
"Манас" аэропорту татарстандык ишкерлердин келген себебин түшүндүрдү
Жаңы түзүлгөн кеңеш Ахматбек Абыловду директор кылып шайлаган. Ага чейин бул кызматты Алмазбек Мусабеков ээлеп келген. Ал директорлор кеңешине 2019-жылы мүчө борлуп, былтыр июлда төрагалыкка бекитилген.
Директорлор кеңеши менен башкаруучулуктун айырмасы:
  • Директорлор кеңеши — акционерлер аркылуу жетекчилик кылган компаниянын башкаруучу органы.
  • Ал эми компаниянын башкаруучулугу директорлор кеңеши белгилеген учурдагы ишмердүүлүгүн, анын ичинде стратегиясын жана саясатын аныктайт. Башкаруучулук директорлор кеңешине отчёт берет.
Учурда "Манас" Эл аралык аэропортунун" башкаруучулугун Бакыт Шаршеев жетектейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0