Банктагы акчаны шылуундардан кантип коргоо керек? Жол-жобосу

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Финансылык маселелер боюнча консультанттын айтымында, акчаны бир нече банктык картага бөлүп кармоо коопсуз.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Банктагы акчаны шылуундардан сактоо жолдорун "Организация личных финансов" компаниясынын башкы директору, финансылык маселелер боюнча консультант Алёна Никитина Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.
"Шылуундарга сиздин банктагы эсепке жетүүгө картаңыздагы маалыматтар эле жол ачып берип коёт. Андыктан интернет аркылуу соода кылганда, кайсы бир сайттан күмөн санап калсаңыз, дароо картаны блокко койдуруп, жаңы карта чыгартып алууга аракет кылыңыз. Банк картаны кайра басып чыгарып бергенде андагы маалыматтар, кээде номер дагы өзгөртүлөт", — деди Никитина.
Банк карталары жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
Ошондой эле адис акчаны бир нече картада бөлүп кармоону сунуштаган.
"Мындай учурда онлайн соода кылуу үчүн бир гана банктык картаны пайдаланыңыз. Шылуундар ага кол салса, башка эсептердеги каражатыңыз аман калат", — деди консультант.
Мындан тышкары, ири суммадагы акча сакталып турган эсепке карта жасатпай эле койгон оң деген кеңешин берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0