Лейлектеги бир катар жолдорду оңдоо жана куруу иштери башталды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол куруу. Архив
Жол куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Лейлектин айылдарын байланыштырган жолдордун бир катарлары 2012-2017-жылдары салына баштап, бирок аягына толук чыкпай калганы айтылды.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек районунун аймагында Самаркандек — Мадиген — Даркум жолун куруу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Маргун айылынан Даркум айылына кеткен жолду тегиздеп, оңдоо иши башталды, андан ары Самаркандек — Даркум жолу боюнча иш жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун узундугу 44,1 чакырымды түзөт.
Головной суу бөлүштүрүүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди
"2012-2017-жылдары бул жолду куруу иштери жүргүзүлүп, толугу менен жыйынтыкталбай калган. Андыктан азыр анын көпчүлүк тилкеси оңдолушу керек. Мындан тышкары, узундугу 10,1 чакырым Кулунду — Максат — Арка (айрым жерлеринде) жолун асфальт бетон менен жабуу үчүн инерттик материалдарды даярдоо, жол битумун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча даярдык иштери башталды", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен бүлүнгөн социалдык жана чарбалык объектилерди калыбына келтирүү үчүн 500 миллион сом бөлүнгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0