Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги кишилер айт-намазда. Архив
Бишкектеги кишилер айт-намазда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен кыргызстандыктар эс алышат.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда, Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.
Ислам шариятында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30, кээде 29 күн болот.
Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн. 
 
Жаңылыктар түрмөгү
0