COVID: үч бейтап көз жумуп, 385 киши жуктурду. 7-майга карата маалымат

© AFP / HAZEM BADERМедициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган адамдын кандагы кычкылтекти пульсоксиметр менен өлчөп жатат
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган адамдын кандагы кычкылтекти пульсоксиметр менен өлчөп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Ооругандар адаттагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунан көп табылган. Учурда ооруканада 1 600, амбулатордук дарыланууда 2 465 бейтап жатат.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус үч кишинин өмүрүн алып, 385 адамга жукса, 348 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар кайдан чыкты:
  • Бишкек — 226;
  • Чүй облусу — 108;
  • Нарын — 16;
  • Ысык-Көл — 15;
  • Ош шаары — 12;
  • Ош облусу — 4;
  • Баткен — 4.
Өткөн суткада Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда үч бейтап көз жумду. Коронавирус алып кеткендердин саны 1 643 адамга жетти.
Айыгып кеткен адамдар:
  • Бишкек — 244;
  • Чүй облусу — 76;
  • Нарын — 7;
  • Ош — 7;
  • Жалал-Абад — 5;
  • Талас — 4;
  • Баткен — 2;
  • Ош шаары — 2;
  • Ысык-Көл — 1.
Расмий маалыматта 2020-жылдын март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен 90 959 адамдын ооруганы айтылат.
Учурда ооруканада 1 600, амбулатордук дарыланууда 2 465 бейтап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0