Сексолог эркектердин бел кубатын арттыра турган азыктарды атады

© Sputnik / Табылды КадырбековБодибилдер. Архив
Бодибилдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Адис төшөк кумарына батуунун алдында тоюп албаш керектигин эскерткен. Ал тургай жатарда пайдалуу азыктарды да жегенге болбойт.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Белгилүү сексолог, психотерапевт Евгений Кульгавчук эркектер бел кубатын кантип арттырса болорун айтып берди. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Сексолог эркек биринчи кезекте салмакты кармаш керектигин белгилеген.
"Тамакты таптап жеп, эгер семиз болсо, ашыкча салмактан арылуу зарыл. Курамында белогу көп болгон тамактарга басым жасаса абдан жакшы. Мындай азыктарга майы аз эт, майлуу балык, деңиз азыктары кирет. Андан тышкары, укроп, петрушка, сельдерей, имбирь сыяктуу чөп-чарлар да пайдалуу", — деген Кульгавчук.
Адис төшөк кумарына батуунун алдында тоюп албаш керектигин эскерткен. Ал тургай жатарда пайдалуу азыктарды да жегенге болбойт, себеби кандай тамак болбосун төшөктө эркектин активдүүлүгүн төмөндөтүп коюшу ыктымал.
Буга чейин сексолог эркектер үчүн кооптуу делген азыктарды тизмектеп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0