17:12 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Коом
Кыскача шилтеме алуу
151 0 0

Ленин райондук милициясы дайынсыз болуп жаткан кишинин өзгөчө белгилерин атады. Ал амнезия менен жабыркай турганы да айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну 62 жаштагы жолдошу Рысбек Сейталиевди издеп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Пропавший в Бишкеке Рысбек Сейталиев
© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района
Бишкекте жоголуп кеткен Рысбек Сейталиев

Ал милицияга 2-майда кайрылган. Айтымында, жолдошу 28-апрелде саат 15:00дөр чамасында Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, кара тору, кой көздүү. Үстүнө көк түстөгү жилет, көк шым, кара туфли кийип жүргөн. Амнезия менен жабыркайт. Бул кишини көргөн-билгендер 0 (312) 35-26-05, 0 (312) 44-44-57, 0(312) 35-26-32, 0(701) 64-44-03, 0(705) 07-50-18 жана 102 номерлерине кабарласа болот.

Тема боюнча

Лебединовкада уурдалган 25 жаштагы кызды милиция издөөдө. Видео
Белгилер:
Бишкек, аял, жоголуу, милиция

ЭҢ МААНИЛҮҮ