05:39 16 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5529
  • EUR102.5669
  • RUB1.1771
Коом
Кыскача шилтеме алуу
975910

Быйыл Кыргызстан 31-августта эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Бул кыска убакыттын ичинде тарыхыбызда изилденбеген актай барактар көп. Аны менен бирге Ата Мекен үчүн опол тоодой эмгек жасаган баатырларыбыздын көбү көмүскөдө калды.

Бүгүнкү каарманыбыз отставкадагы полковник Абдрахим Раджапов. Афганистан менен Тажикстандагы жарандык согушту көргөн Абдрахим агабыздын тагдыры кызыктуу. 1995-1998-жылдары КМШнын Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн штабында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлү болуп иштеген. Жубайы, уул-кызы, келини болуп баары Кыргызстандын армиясында кызмат өтөгөн Абдрахим ага колумнист Алмаз Батилов менен баарлашып, Тажикстандагы жарандык согуштун айрым белгисиз фактыларын айтып берди. Белгилей кетсек, маек 2020-жылдын 30-октябрында алынган.

— Тек-жайыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— 1947-жылы 22-февралда Ташкент облусуна караштуу Паркент районунун Аксак-Ата айылында төрөлгөм. Тегибиз Лейлек аймагынын Катран кыштагынан болот.

Полковник в отставке Абдрахим Раджапов
© Фото / из личного архива Абдрахима Раджапова
КМШнын жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабында КР Коргоо министрлигинин өкүлү Абдрахим Раджапов чек ара боюнча афган комиссары менен жолугуп жаткан учур. Түндүк Афганистан. Бадахшан аймагы, Ишкашим. 1997-жыл, август.

— Башынан эле аскер адамы болууну кааладыңыз беле?

— 1965-жылы Өзбекстанда орто мектепти бүткөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетине тапшырып өтпөй калдым. 1966-жылы Киев шаарындагы орто аскердик танкалык-техникалык училищесине өтүп окудум. Орто Азия менен Казакстандан жалгыз курсант элем. 1969-жылы училищени бүтүргөн соң Украинанын Чернигов облусунда жайгашкан 72-мотоаткычтар дивизиясынын танкалык полкунда кызмат өтөй баштадым. 1972-жылы жубайым татар элинин кызы Мавлия экөөбүз баш коштук. Анын ата-энеси да биздин колхоздо турчу. Эки уулум тең Рустам менен Руслан Ворошиловград (азыркы Луганск) шаарында төрөлдү.

1978-жылы Киевдеги жогорку аскердик танкалык-инженердик училищесине өттүм. Ал жерден да Борбордук Азиядан менден башка эч ким жок эле. 1982-жылы аяктап, Тажикстандын Куляб аймагында жана Душанбе шаарында кызматымды уланттым. 1982-жылы кызым Гуля Кулябда төрөлдү. 1988-жылы күздө 40-армиянын айрым бөлүктөрү Түндүк Афганистандын Бадахшан чөлкөмү аркылуу Тажикстандын Ишкашим районуна чыккан, алты ай ушул иш-чарага катыштым. Андан соң Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Дарвоз районунда аскер комиссары болуп дайындалдым. Ал жерден да афган талаа командирлери менен жолугуп айрым маселелерди талкуулаган учурлар болду. 13 жыл Тажикстанда иштеп Согди чөлкөмүнөн (мурда Ленинабад) башка бүт аймактарын аралап коён жатагына чейин билдим, тажик тилин анча-мынча үйрөндүм.

Полковник в отставке Абдрахим Раджапов
© Фото / из личного архива Абдрахима Раджапова
Курсант Абдрахим Раджапов стажировкада. Минск облусу. 1969-жыл

— 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш кандайча башталганы эсиңиздеби?

— Албетте. Ошол жылы ноябрь айынын аягында Душанбеге эмгек өргүүгө келип, улуттук гвардияны түзүүгө катыштым. Шаардагы Озоди аянтында расмий бийликти колдогондор чогулду. Ал эми Шахидон аянтында оппозиция топтолуп, эки каршылаш тайпа үстөккө-босток митинг өткөрүп жатканын көрдүм. Тажикстандын биринчи ажосу Кахар Махкамов президенттик сарайга кирген учурда аркасынан эл агылып кирип, фойеге киши батпай калды. Кахар Махкамович лифтке түшөйүн десе, аны каршылаш топ түртүп жакындатпай койду. Ал тепкич менен чыкмакчы болду эле, аялдар бутунан көлөчүн чечип Махкамовду башка чапканын көрүп жакамды кармагам. Жаалданган топтун арасынан президентти эптеп сууруп чыкканбыз. Ошондо биринчи жолу эл толкуса токтотууга мүмкүн болбой каларын көрдүм. Натыйжада 1992-жылы чыр-чатактын ырбап отуруп тажик калкы экиге бөлүнүп, бири бирине ок чыгарып, жарандык согуш башталды.

— Тажикстандын армиясында кандайча кызмат өтөп калдыңыз?

— 1992-жылы апрель айынын аягында пенсияга кетчү убакыт жакындап, Дарвоз районунан Душанбеге келдим. Пенсияга чыгуу үчүн коргоо министрине полковник Сафаровго, аты эсимде жок, кирсем: "жакын арада өлкөдө төңкөрүш күтүлүүдө же жарандык согуш болот. Ошондуктан сиздей офицерлерге мамлекет муктаж" деп армияда калууга буйрук берди. Мен аргасыз макул болдум. Коргоо министринин буйругу менен Душанбеден 45 чакырым алыстыктагы Каратаг кыштагында жайгашкан механикалык полктун штабынын жетекчиси болуп дайындалдым. Жубайым полктогу ашканада иштеп калды. Бул аскердик бөлүктө да жалгыз кыргыз болдум. 1993-жылы 23-октябрда Тажикстандын генералдык прокурору Сафарали Кенджаев менен коргоо министри Сафаров Душанбеге чабуул коюуга буйрук беришти. 24-октябрда Душанбеге чабуул коюп, телерадио комитетин, президенттин сарайын, башкы почтамт, Өкмөт үйүн жана автовокзалдан согушкерлерди сүрүп чыктык. Эң кызыгы, ошол учурда Тажикстандагы Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын командири ыраматылык полковник Мухриддин Ашуров болчу. Анын да теги кыргыз эле. Мухриддин Ашурович Жерге-Тал районунун кулуну, бул өлкөдөгү согушту токтотконго чоң салым кошкон. Кийин орус армиясында генерал-лейтенант наамына чейин жетип, Россиянын Баатыры болду.

Таджикская женщина во время гражданской войны
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Петрийчук
Тажикстандан келген качкын Кыргызстандан баш паанек тапкан. Ал тандырда нан жаап жаткан учуру. Жайыл району, Сосновка айылы

— Тажикстандагы жарандык согушта бир туугандар бири-бирине каршы согушкан дешет?

— Ооба. Мисалы, атасы кичүү уулу менен расмий бийликтин катарына өтүп оппозицияга каршы согушкан. Ал эми калган үч уулу согушкерлерге кошулуп расмий Душанбеге каршы салгылашты. Жарандык согуштун учурунда эки жак бири-бирин аябастан мыкаачылык менен өлтүргөнүн көрүп жаныман түңүлгөм. Беш жылдык кандуу кагылышууда бейкүнөө карапайым калк курмандыкка чалынды. Менин пикиримде, бул согушта тажик эли генофондунун алтын корун түзгөн уулдары менен кыздарынан ажыраган. Согуштун айынан жүз миңден ашык жаран каза болду. Миллиондон ашык тажик Ата Мекенинен качып, бөтөн жерде мусапыр болушту. Ошол учурда Тажикстанда тамак-аш абдан тартыш эле. Уулум Руслан менен кызым Гуля Душанбеде тогуз кабат үйдөгү кызматтык батирде жашачу. Улуу балам Рустам Ташкенттеги аскердик училищеде окуп жаткан учур эле. Үйдүн короосунда чоң казан турчу. Ушул көп кабаттуу үйдүн тургундары колунда эмне азык-түлүгү болсо, казанга тамак жасап чогуу ичишчү. Байбичем аскерлерден ашкан азык-түлүктү алып, ошол казандын жанына коюп кетчү, коңшулар далай ирет алкыш айтышты. Ушундай кыйын кезеңде бардык кошуналар бир туугандай болуп жашады.

Полковник в отставке Абдрахим Раджапов
© Фото / из личного архива Абдрахима Раджапова
Киев танкалык-техникалык училищесинин курсанты. Минск облусу. 1969-жыл

— Тажикстанда дагы кайсы кызматтарда иштедиңиз?

— 1993-жылы февралда Тажикстандын коргоо министри генерал Александр Шишляниковдун буйругу менен Душанбеде аскердик комендатура уюштуруп, коменданттын орун басары болуп дайындалдым. Ардактуу кароолчулардын ротасы менен мамлекеттик имараттарды жана стратегиялык маанилүү объектилерди кайтара турган батальон курадык. 1994-жылы жазында Душанбеде Коргоо министрлигинин башкы мобилизациялык бөлүмүндө иштеп жүргөн учурда Кытай элчилигинин аскердик атташеси (анын аты-жөнү эсимде жок) Тажикстандагы Кыргызстандын тунгуч элчиси маркум Эрик Асаналиев менен тааныштырган. Ошондон баштап экөөбүздүн достугубуз башталды.

Ошол эле жылы сентябрда коргоо министри Шишлянников Жерге-Тал районунун калкы ачка калганын айтып, Гарм районуна барып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы постту ачууга буйрук берди. Ошентип тажик элин ачкачылыктан сактап калганбыз.

Полковник в отставке Абдрахим Раджапов
© Фото / из личного архива Абдрахима Раджапова
Тажикстандагы КМШнын тынчтык орнотуучу жаматтык күчтөрүндөгү КР Коргоо министрлигинин өкүлү полковник Абдрахим Раджапов Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун офицерлери менен. Тажикстан, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим. 1996-жыл

— Кыргыз армиясында кандайча кызматыңызды улантып калдыңыз?

— 1994-жылдын ноябрында Кыргызстандын армиясына которулайын деген чечимге келип, Ташкентте Коргоо министрлигине кирдим. "Аскердик тажрыйбаңыз бай, өзбек армиясына өтүңүз" деп үй-жай менен камсыздашарын айтышты. Ошол учурда бир туугандарым Чүйгө көчүп жаткан. Ата Журттун топурагы алтын да, Кыргызстанга кетейин деп биротоло чечтим. 1995-жылы 5-январда КРдин Коргоо министрлигине которулдум. Бул ведомствонун жетекчиси генерал Мырзакан Субанов Душанбедеги КМШнын жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабына Коргоо министрлигинин өкүлү болуп баруумду өтүндү. Макул болдум. Ал жерге иштөөдөн башка офицерлер баш тарткан экен. Анын үстүнө Душанбеде үй-бүлөм жашап жаткан. Баш-аягы бул кызматта үч жыл иштедим. Эң кызыгы, ошол маалда Кыргызстандын жарандыгын ала элек болчумун. Анткени ал учурда СССРдин мыйзамы боюнча офицерлер өздүгүн аныктоочу документ менен гана жүрчү.

— КМШнын жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабынын миссиясы кандай эле?

— Бул штабдын беш жетекчиси менен эриш-аркак иштештим. Себеби Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү жаш жана тажрыйбасы жок эле. Расмий Душанбенин армиясы жана Бириккен тажик оппозициясынын талаа командирлеринин мүмкүнчүлүктөрүн билчүмүн. Мындан сырткары, тажик жана өзбек тилдерин билгеним чоң жардам берди. Биздин милдет расмий бийлик жана согушкерлердин ортосунда кайсы жерде кандай кагылышуу болорун аймактарга барып изилдөө эле. Эки тарапты элдештирүүнүн жолдорун издечүбүз. Согушкерлердин корбашылары менен көзмө-көз жолугуп сүйлөшкөн учурлар көп болду. Мактанып жатат деп ойлобоңуз (күлөт), ошол маалда орус армиясынын генерал-полковниги, Россия Думасынын депутаты Виктор Заварзин менен чогуу иштегенбиз. Ал менин сөзүмдү тастыктап берет. Күн сайын Бишкекке маалыматты үзгүлтүксүз жиберчүмүн. Керектүү маалыматты өз акчама сатып алган учурлар болду. Ай сайын Тажикстандын Бадахшан облусунун Ишкашим районунда жайгашкан Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонуна он күнгө барып, абалын билип, кем-карчын толуктачумун. Бул батальондун курамы жарым жылда бир алмашчу. Ошко келип офицер, прапорщик менен жоокерлерди тандап, аларды Ишкашимге чейин коштоп барчумун. Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын тынчтык орнотуучу батальонунун аскерлери Тажикстандагы согушту токтотууда чоң роль ойноду. 1996-жылы улуу балам Рустам Новосибирскидеги аскердик окуу жайдын чалгын факультетин бүтүрүп, Россиянын Тажикстандагы 201-мотоаткычтар дивизиясында кызмат өтөй баштады.

Полковник в отставке Абдрахим Раджапов
© Фото / из личного архива Абдрахима Раджапова
Майор Абдрахим Раджапов. Днепр дарыясынын боюнда. Киев. 1980-жыл

— Маркум генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов менен жолуктуңуз беле?

— Ооба. Жумабек Асанкулович менен үч-төрт ирет Бишкектен жолукканбыз. Аны менен мени Жумабек Асанкуловичтин үзөңгүлөшү, ыраматылык полковник Жумалы Кубатов тааныштырган. Генерал Асанкулов чыныгы мекенчил жана абдан дасыккан чалгынчы, аябай көрөгөч мамлекеттик ишмер болчу. Жумалы Осмонович да Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын эң күчтүү адиси эле. Жумабек Асанкуловичтин дагы бир үзөңгүлөшү, досум маркум Эрик Асаналиев да нукура дипломат, чыныгы чалгынчы эле. Генерал Мырзакан Субанов эгемен Кыргызстандын армиясынын түптөлүшүнө чоң эмгек кылды. Булардын Тажикстандагы согушту токтотууга кошкон салымы абдан чоң. Өзгөчө Эрик Акматбаевич менен Душанбеде көп иштештим. Асаналиев Тажикстандын расмий бийлиги, Бириккен тажик оппозициясы жана чет мамлекеттик дипломаттардын арасында аябай кадыр-барктуу эле. Эрик Акматбаевич да кээ бир учурда керектүү маалыматтарды алыш үчүн өз каражатын сарптачу. Нечен ирет Асаналиев өмүрүн тобокелге салып жашыруун маалымат тапканына күбө болдум. Белгилей кетчү жагдай, аны Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон да абдан сыйлачу. Канча жолу Эрик Акматбаевич менен биргелешип Тажикстан жана Өзбекстан боюнча чек араны тактоо керек деп борборго аналитикалык каттарды жаздык. Тилекке каршы, ошол убакта да, андан кийин да өлкөбүздүн жетекчилиги такыр бул көйгөйгө көңүл бөлбөй койду.

— Эрик Асаналиев, полковник Раджап Абдрасулов жана белгилүү коомдук ишмер Тайтөрө Батыркулов менен биргелешип тажикстандык боордошторубузду Душанбеден Кыргызстанга эвакуациялоо иштерин уюштурган турбайсыздарбы?

— 1995-жылы кеч күздө Душанбенин темир жол вокзалында аксакал Тайтөрө Батыркулович, мен, Эрик Акматбаевич жана Раджап Абдрасулов тажикстандык кыргыздардын 120 үй-бүлөсүн эки эшелонго салып Чүй аймагына жөнөткөнбүз. Бул иш-чараны абдан кыйын кырдаалда жүргүздүк. Аларды алгач Өзбекстандын чек арачылары өткөрбөй, Асаналиев экөөбүз барып сүйлөшүп, абалды түшүндүргөндөн кийин гана эки эшелонду өткөрүшкөн.

Полковник в отставке Абдрахим Раджапов
© Фото / из личного архива Абдрахима Раджапова
КРдин Тажикстандагы элчиси Эрик Асаналиев КМШнын жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабында КРдин Коргоо министрлигинин өкүлү Абдрахим Раджаповдун үйүндө конокто. Душанбе. 1998-жыл

— Тажикстандагы жарандык согуш учурунда кыргыз-тажик чек арасы жабылган эмес экен.

— Ооба. Ошол убакта Өзбекстан чек арасын толук жаап салды. Ал эми Кыргызстан Тоолуу Бадахшан автоном облусу менен Жерге-Тал районуна кетчү жолдорду толугу менен ачкан. Бул эки жол аркылуу азык-түлүк, күйүүчү май жана биринчи кезектеги товарларды күн-түн дебей ташылды. Муну менен Кыргызстандын эли кошуна тажик калкын ачкачылыктан сактап калды. Бул эки жол алар үчүн “Өмүр жолу” болду. Ошондуктан каршылашкан эки тарап тең кыргыздарды абдан сыйлачу. Анын үстүнө тажикстандык миңдеген качкын Кыргызстандан башпаанек тапты, айрымдары бул жерден экинчи мекендүү болду.

Белгилей кетчү жагдай, 1994-1996-жылдары Душанбеге биринчилерден болуп Афганистандын президенти Бурхануддин Раббани жана тунгуч ажобуз Аскар Акаев гана расмий иш сапар менен келген. 1997-жылы Бишкек менен Москвада расмий Душанбе жана Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда кол коюлган келишимдер Тажикстанга тынчтык алып келди. Жогоруда сөз болгон эки келишимдин негизинде расмий бийлик менен Бириккен тажик оппозициясы элдеше баштаган процесске катыштым. 1998-жылы январда кызматымды өткөрдүм.

Биз Душанбеден Бишкекке кетип жаткан учурда жаан жаады. Буга карабастан тогуз кабат үйдөгү бүт кошуналарыбыз короого чыгып бизди узатканы дагы эле көз алдымда. Кыргызстанга келип бир аз убакыттан кийин атуулдук алып, пенсияга чыктым. Уулдарым Рустам менен Руслан Баткен согушуна катышты. Экөө тең мага окшоп Кыргызстандын Коргоо министрлигинин полковниги болушту. Байбичем Мавлия, келиним Татьяна жана күйөө балам Владимир Жириль кыргыз армиясында кызмат өтөштү.

Полковник в отставке Абдрахим Раджапов
© Фото / из личного архива Абдрахима Раджапова
Абдрахим Раджапов үй-бүлөсү менен улуу баласы КР армиясынын майору Рустамды аскер академиясына узатып жаткан учур. Бишкек, темир жол вокзалы. 2003-жыл

Эң өкүнүчтүүсү — азыркы күндө да Жумабек Асанкулов, Жумалы Кубатов, Тайтөрө Батыркулов, Эрик Асаналиев, Мырзакан Субанов жана ушул сыяктуу башка офицерлердин эмгеги мамлекеттик деңгээлде бааланбай калды. Алардын өмүрү тууралуу даректүү жана көркөм тасма тартып, жаш муунга үлгү кылып көрсөтүш керек. Тажикстандагы жарандык согушту Кыргызстан терең изилдеп жана талдашы зарыл деп эсептейм. "Эгерде сен өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат" деген сөздү эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Тема боюнча

Афганистан, сени эстесем жүрөк сыздайт... Кан кечкен согуш ардагерлеринин баяны
Тажикстандагы жарандык согуштун токтошуна Кыргызстандын салымы. Эскерүү
Белгилер:
Аскар Акаев, Эмомали Рахмон, согушкер, оппозиция, бийлик, жарандык согуш, Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ