Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортунда "Спутник V" вакцинасын тозуп алуу
Манас аэропортунда  Спутник V вакцинасын тозуп алуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, буга чейин келген 20 миң доза вакцина буюртма кылынган 100 миң дозага кирбейт.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Майдын ортосунда коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын маалыматына караганда, Кыргызстан 50 000 адамга дагы 100 миң доза препарат алууга буюртма берген. Бирок баары россиялык заводдорго байланыштуу болот, себеби азыр вакцинага суроо-талап абдан көп.
"Биз 600 миллион сом бөлүп жатабыз, 100 миң доза алууга макулдашканбыз. Бирок мунун кайсы бир бөлүгү транш түрүндө майдын ортосунда келиши күтүлүүдө. Азырынча эч нерсе айта албайм, бул биздин колубуздагы нерсе эмес. Бир компонент 10 доллардан айланууда. Россиядан келе турган гуманитардык жардам (500 миң доза "Спутник V" — ред.) май-июнь-июлда келмекчи", — деди ал.
Министр буга чейин келген 20 миң доза вакцина буюртма кылынган 100 миң дозанын ичине кирбей тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0