УКМК тажик жарандары аэропорттон кармалууда деген маалыматты төгүндөдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэпорттору күзөт кызматкери. Архив
Аэпорттору күзөт кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Укук коргоочу YouTube каналы аркылуу Кыргызстандын чек арачылары транзиттик негизде өтүп бара жаткан тажик жарандарын себепсиз кармап жатат деген билдирүү тараткан.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы укук коргоочу Валентина Чупиктин "Бишкек жана Ош аэропортторунда Тажикстандын жарандары кармалып, аларга туура эмес мамиле жасалып жатат" деген видео кайрылуусунда айтылгандар чындыкка туура келбесин билдирди.
Укук коргоочу буга чейин YouTube каналы аркылуу Кыргызстандын чек арачылары транзиттик негизде өтүп бара жаткан тажик жарандарын себепсиз кармап жатат деген билдирүү тараткан.
"Укук коргоочунун айткандары жалган жана улуттар аралык кастыкты козутуу катары бааланат. Чек ара кызматынын өкүлдөрү эл аралык укуктук келишимдердин жана Конституциянын негизинде иш алып барышат. Мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө адамдын жарандыгы, улуту, расасы маанилүү эмес", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жарандардын коопсуздугу үчүн өткөрүү пунктунан адамдарды, автоунааларды жана жүк өткөрүү убактылуу токтотулган.
Кыргызстандын президенти  Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Садыр Жапаров Баткенге барды
"Мындан улам аэропорттун кызматын пайдаланган тажик жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кыргыз тарап аларды эки жол менен өлкө аймагынан чыгарып коюуда. Биринчи Өзбекстан аркылуу кетүүнү каалагандар коңшу өлкөнүн чек арасындагы өткөрүү пунктуларына кетирилип жатат. Ал эми дароо өз өлкөсүнө өтүүнү каалагандар "Бордобо" жана "Карамык" өткөрүү пунктуларына жеткирилип, тажик чек арачыларына өткөрүп берилүүдө", — деп айтылат түшүндүрмөдө.
УКМК берген маалыматка караганда, Тажикстандын жарандары бул аракеттерди азыркы абалда туура деп эсептеп, Кыргызстандын аэропортторун пайдаланууну улантууда.
"Укук коргоочу Валентина Чупикке абалды кайрадан курчутууга кызыкдар тараптар туура эмес маалыматты жеткириши мүмкүн", — дешти атайын кызматтан.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
ИИМ: кыргыз-тажик чек арасында абал тынч
Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0