БУУнун жогорку комиссары өкмөттүн чек арадагы жаңжалды жөнгө салуусун кубаттады

© Фото / POOL / Александр Щербак / Медиабанкка өтүүБУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет. Архив
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Эл аралык уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы чек арадагы кырдаалды башынан бери кылдаттык менен байкап келе жаткандыгын билдирген.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Женевада иш алып барган Данияр Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.
Ага ылайык, Мукашев кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал жана учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берди.
Туруктуу өкүл кагылышуунун натыйжасында өлкөдөн 36 жаран каза болгондугун, басымдуу бөлүгү карапайым эл экенин, анын ичинде эки бала (5 жана 12 жашта) бардыгын белгилеген. Ошондой эле 160 адам жаракат алып, 30 миңге жакын киши жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болуп, объектилер кыйраганын айткан.
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар
Мукашев кыргыз тарап чек ара маселелерин аскер күчү менен чечүүнү жактабай келгендигин жана талаш маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууну биринчи орунга коёрун билдирген.
Мишель Бачелет БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (АУЖКБ) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды башынан бери кылдаттык менен байкап келе жаткандыгын айткан. Ал ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана анын курчуп кетишине жол бербөө боюнча аракеттерин кубаттаган.
Мындан сырткары, АУЖКБ эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүп турарына ишендирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0