Чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарда аткарыла турган иштердин тизмеси

© Sputnik / Акылбек БатырбековТажикстан менен болгон жаңжалдан кийин Максат айылындагы өрттөлгөн мектептин имараты
Тажикстан менен болгон жаңжалдан кийин Максат айылындагы өрттөлгөн мектептин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Садыр Жапаров тиешелүү комиссияны түзүүгө тапшырма берди. Аны өкмөт башчы жетектеп, бир катар министрликтер көмөктөшмөкчү.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияны түзүүгө тапшырма берген.
Тиешелүү комиссия төмөнкүлөрдү иштеп чыгып, өкмөткө бекитүүгө киргизиши керек:
  • чек ара жаңжалынын кесепетинен жабыр тарткан өлкө жарандарынын жана юридикалык жактардын, анын ичинде Баткен облусунун ишкердик субъектилеринин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсация төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун;
  • Баткен облусунун жаңжалдан жабыр тарткан чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин катышуусу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чыр-чатакта жабыр тарткан жарандардын, курман болгон, дайынсыз жоголгон, денесинен жаракат алган, турак жайынан айрылган, укукту күбөлөндүргөн жана укукту белгилеген документтерин жоготкон адамдардын тизмесин түзсүн;
  • Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлүнүн кызмат орду уюштурулсун;
  • Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин.
Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:
  • жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу түрдө которгон каражатын топтоо боюнча атайын эсеп ачуу;
  • курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү тууралуу маселени карап чыгуу;
  • жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берүү, ошондой эле турак жайды калыбына келтирүүгө тартылган адамдардын аткарган иштерине акы төлөө;
  • биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз берүүнү, суу жана энергия менен жабдууну камсыз кылуу;
  • талкаланган чек ара тозотторун жана пунктуларын, күч түзүмдөрүнүн объектилерин жана социалдык объектилерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;
  • зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн зарыл каражатты республикалык бюджеттен кароо;
  • "КРдин 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;
  • жабыр тарткан калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн экономикалык иштин субъектилерин салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу, пайыздар, финансылык санкциялар боюнча салыктык карыздарды жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.
Жабыр тарткан калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн экономикалык иштин субъектилерине төмөнкүлөрдү берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу:
  • төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылбастан (банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилдик берүүчүнү талап кылбастан) жана мөөнөтүн узарткандыгы жана/же мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн пайыздарды албастан салык карыздарынын жана бажы төлөмдөрүн, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздардын суммаларына карата мөөнөтүн узартуу/же мөөнөтүн жылдыруу;
  • жабыр тарткан экономикалык субъектилерге салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча отчёт берүүнүн мөөнөтүн алты айлык мөөнөткө чейин узартуу;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталсын.
Өкмөткө Улуттук банк, "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана "РСК Банк" ачык акционердик коому менен биргеликте төмөнкү маселелерди карап чыгуу сунушталсын:
  • жабыр тарткан ишкердик субъектилерине жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу тууралуу;
  • жабыр тарткан ишкердик субъектилери жана жарандар финансылык-кредиттик уюмдардан алган насыяларды тындырууга көмөк көрсөтүүнүн мүмкүндүгү тууралуу.
Мамлекеттик органдар жабыр тарткан жарандарга төмөнкүлөрдү акысыз берсин:
  • социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды) дайындоо үчүн зарыл маалымкаттарды;
  • объектилерди долбоорлоо, калыбына келтирүү жана куруу маселелерин ыкчам чечүү үчүн маалыматтык материалдарды, схемаларды, карталарды, пландарды, инженердик-геологиялык маалыматтарды;
  • архитектуралык-пландаштыруу шарттары, техникалык көзөмөл, долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
  • жабыр тарткан жарандарга социалдык төлөмдөрдү (жөлөкпулдарды, пенсияларды, компенсацияларды) өз убагында төлөөнү камсыз кылсын;
  • жабыр тарткан жарандарды СОVID-19 инфекциясынан эмдөөнү артыкчылыктуу тартипте жүргүзсүн;
  • жабыр тарткан жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жактан тейлесин жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздасын;
  • саламаттык сактоонун стационардык уюмдарында баштапкы жана кайталап дарыланууга жатканда жабыр тарткан жарандарды бир жыл бою кошо төлөөдөн бошотсун;
  • жабыр тарткан аймактардагы саламаттык сактоо уюмдарын биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын;
  • жабыр тарткан жарандардын балдарын балдар лагерлерине жана пансионаттарга жөнөтүү жолу менен реабилитациялоону уюштурсун;
  • зарыл болсо жабыр тарткан жарандардын арасынан улгайган жарандарды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, жетим балдарды жана турмуштук оор кырдаалда болгон балдарды балдар мекемелерине жана социалдык стационардык мекемелерге жолдосун;
  • жабыр тарткан жарандарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтсүн;
  • зарыл болсо жабыр тарткан жарандарды майыптуулукту аныктоо үчүн күбөлөндүрүүнү жүргүзсүн, ошондой эле жабыр тарткан жарандарды социалдык-медициналык реабилитациялоо уюштурсун;
  • инфекциялардын чыгып кетүүсүн болтурбоо үчүн жабыр тарткан аймактарда жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча чараларды күчөтсүн;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте объектилерди калыбына келтирүү жана куруу үчүн жумушсуз жарандарды тартуу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурсун.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы:
  • Премьер-министр — мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
  • Аталган маселе боюнча президенттин атайын өкүлү;
  • Экономика жана финансы министринин биринчи орун басарлары;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Ички иштер министринин биринчи орун басары;
  • Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
  • Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
  • Коргоо министринин орун басары;
  • Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
  • Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары;
  • Билим берүү жана илим министринин орун басары;
  • Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.
Жаңылыктар түрмөгү
0