Өкмөт ачкан "Баткенге көмөк" кайрымдуулук штабы ишин токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековМаксат айылындагы мектептин жанындагы гуманитардык жардам
Максат айылындагы мектептин жанындагы гуманитардык жардам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Штаб тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына кайдыгер болбогон бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирет.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өкмөт алдында уюштурулган "Баткенге көмөк" штабы өз ишин токтотот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Штаб тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына кол кабыш кылган бардык тараптарга ыраазы экенин белгиледи.
"Мурда келип түшкөн бардык гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин транспорту менен Баткен облусуна жеткирилет. Биздин демилгеге салым кошкон бардык жарандарга, тараптарга, мекеме-уюмдарга, коомдук бирикмелерге, кыймылдарга, ыктыярчыларга ыраазычылык билдиребиз", — деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө гуманитардык жардам чогултуу улантылып жер-жерлерге берилери, баш калаада аны Бишкек мэриясы эсепке алып координациялай турганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0