Тажикстан этникалык кыргыздарды өлкөдөн чыгарып жатабы? ТИМ өкүлүнүн жообу

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги ТИМдин имараты. Архив
Бишкектеги ТИМдин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
4-майда айрым ЖМКлар Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыз паспорту бар тургундарды депортациялай баштады деген маалыматтарды тараткан.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. ТИМдин Биринчи саясий департаментинин жетекчиси Уланбек Тотуяев "Тажикстан КР жараны болгон этникалык кыргыздарды чыгарууда" деген маалымат боюнча үн катты.
Белгилей кетсек, 4-майда айрым ЖМКлар Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыз паспорту бар тургундарды депортациялай баштады деп жазышкан. Анда тажик тарап кыргыздардан жарандыгынан баш тартууну талап кылып, болбосо өлкөдөн чыгарууда деп жазылган.
"Тажикстандын аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган кыргыз жарандарын депортациялоо боюнча факты бизге маалым. Аталган маселени ТИМ ушул жылдын март айынан бери көзөмөлдөп жатат. Бул мезгилден тарта Жерге-Тал районунда Тажикстандын ИИМине караштуу паспорт-миграциялык кызматы текшерүү жүргүзө баштаган", — деп айтылат маалыматта.
Ал бул маселе тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери сүйлөшүп жатканын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0