Жаан жаайбы? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© AP Photo / Nam Y. HuhЖаан учурда киши кол чатыр менен. Архив
Жаан учурда киши кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Ордо калаада ишембиде жаан жаайт деп божомолдонгону менен абанын температурасы 28 градуска чейин жетери айтылды. Эртеси күн ачылып, ысык болот.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөргө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта бүтүп бара жаткан 8-май күнү, ишембиде, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы ыктымал. Ал эми эртеси, жекшембиде, күн ачылат деп божомолдонду.
Чүй, Талас облустарында 8-майда жаан жаашы, бийик тоолуу аймактарда кар түшүүсү мүмкүн. 9-майда күн ачык болот.
Бишкекте фонтандар ишке киргизилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Бишкекте фонтандардын сезону ачылды. Сүрөт
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында да аба ырайы ушундай эле болот. Бийик тоолуу райондордо жол тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын менен Ысык-Көл облустарында 8-май күндүз жана 9-май түнкүсүн жаан жаап, айрым тоолуу жерлерге кар жаашы ыктымал. Эртеси, 9-майда, күн ачылып, абанын температурасы 23 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Бишкек шаарында 7-8-майда катары менен жаан жаап, 9-май, жекшемби күнү, күн ачылары айтылды.
Ордо калаада ишембиде жаан жааганы менен абанын температурасы 28 градус, жекшемби күнү 30 градуска чейин ысык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0