Марипов: чек ара чырынан талкаланган объектилерди оңдоого 700 млн. сом бөлүндү

© Sputnik / Акылбек БатырбековТажикстан менен болгон жаңжалдан кийин Максат айылындагы өрттөлгөн имараттар
Тажикстан менен болгон жаңжалдан кийин Максат айылындагы өрттөлгөн имараттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун аймагында 136 турак жай толугу менен талкаланган.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан кыйрап, талкаланган объектилерди калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 700 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, каражаттын 500 миллион сому социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө жана жабыркаган айылдарга алып баруучу жолдорду курууга багытталат. Калган 200 миллион сому талкаланган турак жайларды курууга жумшалат.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов
Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Премьер-министр Улукбек Марипов
"Дал ушул жерде сиздердин тажрыйбаңыздар керек. Биз бардык тийиштүү шарттары каралган заманбап турак жайларды курушубуз зарыл. Эң негизгиси – күз мезгилинин башталышына дейре жабыркаган жарандар турак жайларга жайгашып калышы үчүн ишти тез арада баштообуз шарт", – деди премьер-министр.
Ал калыбына келтирүү иштерине курулуш компаниялардын жана башка бизнес тармактардын өкүлдөрү жардам бере турганын белгиледи.
Лейлек районунун айылдарынын биринин тургундары гуманитардык жардамы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Бат бузулчу азык-түлүк алып келбегиле! ӨКМдин гумжардам тууралуу маалыматы
"Учурда өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүү, шилендилерди тазалоо ишине киришти. Баткен облусунан кечээ эле келдим. Келип курулуш компаниялардын өкүлдөрү талкаланган жана өрттөнүп кеткен жайларды калыбына келтирүүгө колдон келген көмөгүн көрсөтүүнү билдирип жаткандыгын угуп кубандым. Биз иш ыкчам жана сапаттуу жүрүшү үчүн күч-аракетибизди координациялообуз керек. Калыбына келтирүү үчүн каражат бар жана алар бөлүнгөн, бирок көмөгүңүздөр ашыкча болбойт", – деди Марипов.
Головной суу бөлүштүрүүчү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Фотофакт: жаңжал тутанган "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын асмандан көрүнүшү
Кеңешменин жыйынтыгы менен жакын арада аймакка барып, бизнес тараптан конкреттүү кандай мүнөздөгү жана көлөмдөгү жардам керектелерин жеринде аныктоо чечими кабыл алынган.
Акыркы маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун аймагында 136 турак жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Мындан тышкары, 5 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 фельдшердик-акушердик пункт, 3 бала бакча, 2 милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, 2 чек ара заставасы жана 1 клуб жараксыз абалга келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0