Вакцинаны алдын ала онлайн жазылып алса болот. Шарттары

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүШприцке вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив
Шприцке вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Министрлик жакында вакцина алуу кезегине мобилдик тиркеме аркылуу жазылуу мүмкүнчүлүгү жараларын билдирди.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү каалагандар онлайн жазылса болот. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Учурда сынамык долбоор менен Бишкек шаарындагы №35, №33 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, Темир жол ооруканасынан, №1, №4, №7, №2, №3, №5, №19, №6, №13, №14, №8, №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан, Курулушчулар жана студенттер бейтапканасынан алууга болот.
Вакцина алууга электрондук дарек менен жазылууну каалагандарга төмөнкүлөр керек:
  • vc.emed.gov.kg шилтемесине киресиз;
  • Электрондук кезекти ("Электронная очередь") тандайсыз;
  • Ал жердеги торчону толтуруп, сунушталган вакцинаны тандайсыз;
  • Эмдөөгө бара турган күндү жана саатын жазасыз;
  • Мындан соң телефонго электрондук кезектин талонун көчүрүп алыңыз (талонду сурап калса керек болот).
Кыргызстанга жеткирилген Спутник V вакцинасынын партиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
"Спутник V" вакцинасын сатып алууга дагы 600 млн. сом бөлүнөт
Электрондук кезекке жазылуу эмдөө жайларындагы элдин көп болушун азайтып, кишиге убактысын кетирбей айтылган саатта барып вакцинаны алып кетип калууга мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, ашыкча кишилер менен жолугуп, кооптуулукка кабылуудан сактайт.
Министрлик жакында вакцина алуу кезегине мобилдик тиркеме аркылуу жазылуу мүмкүнчүлүгү жараларын билдирди.
Бул жайларда вакцина алуу бекер жана жарандардын өз ыктыяры менен жүргүзүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0