Коронавирус менен ооругандар Бишкектеги кайсы ооруканадан орун таба алат

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Жугуштуу илдетке чалдыккандар үчүн орун Улуттук госпиталь менен №1 шаардык клиникалык ооруканада көбүрөөк.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
Саат 08:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 10 ооруканада 172 орун бош:
  • Улуттук хирургия борбору — 4;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 8;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 7;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 61;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 47;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 22;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
  • Чүй облустук ооруканасы — 3;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 4;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 6.
Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефондор аркылуу тактоого болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0