ИИМ: Баткенде абал тынч, милиция күнү-түнү күзөттө

© Sputnik / Акылбек БатырбековЛейлек районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын Максат айылы
Лейлек районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын Максат айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жапа чеккендердин чыгымын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. 4-майга карата Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынын баарында абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Чек арадагы айылдар толук көзөмөлдө экени айтылды.
Максат айылында жабыркаган үйлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Тажикстандыкы — аскердик агрессия. Баш прокуратура кеңири билдирүү таратты
Аймакта 47 тергөө тобу кылдат жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Чек арадагы жаңжалда талкаланган социалдык объектилер, турак үйлөр жана башка имараттар эсепке алынууда.
Учурда Лейлек районунун Кулунду, Максат, Интернационал, Арка-1, Арка-2, Жаштык, ошондой эле башка айылдарда жапа чеккендердин чыгымынын суммасы такталууда.
ИИМдин министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков тергөө тобунун денесине залал келтирүү, турак үйлөрдү талкалоо, тоноо боюнча иликтөөлөрүн жеке көзөмөлүнө алууда.
"Милиция кызматкерлеринен сырткары, тергөө тобуна жергиликтүү бийликтин, Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү кирген", — деди Өмүрзаков.
Жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн кайгуул милициясы чек ара тилкесинде түнү-күнү күзөт ишин улантып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0