Тажикстандыктар Лейлектеги жолду оңдоону токтотту. Соңку маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров району чектешкен жердеги трасса
Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров району чектешкен жердеги трасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүп, Кыргызстан өзүнүн жолун өзү оңдой тургандыгын айткан.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров району чектешкен жердеги трассаны оңдоону Тажикстан тарап токтотту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Эскерте кетсек, бүгүн, 3-майда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын бөлүп турган трассаны тажикстандык жолчулар оңдоп жатканы маалым болгон.
"Тажикстандын жол оңдоочулары Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек району менен Тажикстандын Согди облусунун чек арасындагы Исфара — Кожент жолунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Бул боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөштү. Анда Суваналиев жол кыргыз-тажик чек арасында жайгашкандыгын, жолдун так ортосунан мамлекеттик чек ара сызыгы өткөндүгүн айткан. Жолдун сол тарабы Кыргызстанга (Арка айылдарын көздөй бара жатканда – ред.), оң тарабы Тажикстанга таандык экенин, Кыргызстан жолдун сол тарабындагы оңдоп-түзөө жумуштарын өзү жасай турганын жана биз (Кыргызстан – ред.) тараптын оңдоо иштерин токтотууну талап кылды. Учурда жолдун оңдоп-түзөө иштери токтоду", — деп билдиришти.
Тажикстан талкалаган Максат айылынын мурдагы жана азыркы көрүнүшү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Тажикстан талкалаган Максат айылынын мурдагы жана азыркы көрүнүшү. Видео
Белгилей кетсек, буга чейин аталган жолдун эки тарабын эки мамлекеттин чек арачылары жөө кайтарып келишкен. 1-майдагы Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын эки тараптуу жолугушуусундагы макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара кызматтары бул аймактан чек арачыларын алып кетишкен.
Өкүлчүлүктөн учурда бул аймакта Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап турарын билдиришти.
Исфара — Кожент жолунун боюнда Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2 айылдары жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0