Бишкектин 24 көчөсүндө электр жарыгы өчөт. 4-майга карата график

© Фото / Pixabay / chulmin parkЛампочка. Иллюстративдик сүрөт
Лампочка. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Бул күнү мекеменин бригадалары баш калаанын борборундагы жана шаардын жака белиндеги аймактарда оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. 4-майда Бишкектин 24 көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу маалымат "Түндүк электр" ишканасынын расмий сайтына чыкты.
Бул күндөрү уюмдун атайын топтору подстанцияларды тейлөө, трансформаторлорду оңдоо, жабдуу жана башка иштерди жүргүзөт.
График:
  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Байтик баатыр көчөсүнүн айрым бөлүктөрү (№6 турак үйү);
  • 09:00дөн 18:00гө чейин Рыскулов жана Тимирязев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
  • 09:00дөн 14:00гө чейин Көк-Жар конушунда (Сайма-Таш, Босого, Молдокулов көчөлөрүндө);
  • 09:30дан 17:00гө чейин — Юнусалиев, Медеров, Матросов, Суванбердиев көчөлөрү менен Елецком кууш көчөсүндө;
  • 09:30дан 18:00гө чейин — Токтогул, Манасчы Сагынбай, Махатма Ганди, Ала-Арча көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Достоевский, Курманалиев, Хивинской көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинин айрым бөлүктөрүндө;
  • 10:00дөн 18:00гө чейин —  Арча-Бешик конушунда (Камбар-Ата жана Эр-Тайлак көчөлөрүнүн кесилиши);
  • 11:00дөн 17:00гө чейин —  Көк-Жар конушунда (Конорчок, Куйручук, Ой-Терскен көчөлөрү).
Жаңылыктар түрмөгү
0