17:21 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (255)
89 0 0

Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Өкмөт Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта документтери жок кылынган жарандарга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов билдиргендей, тажиктер менен болгон окуялар бир катар көйгөйлөрдү пайда кылды.

"Аталган милдеттерди ыкчам чечүү, кырдаалды жөнгө салуу максатында президенттин тапшырмасы боюнча жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат", — деди премьер-министр.

Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөрү айтылды.

Баткендеги кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 35 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.

Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча кагылышуудан 16 киши набыт болгон.

Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн онлайн-репортаждан билүүгө болот.

Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (255)

Тема боюнча

Чек ара чырында талкаланган үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет
Белгилер:
Документтер, көмөк, өкмөт, Улукбек Марипов

ЭҢ МААНИЛҮҮ