Таласта коронавирустан улам мектептин баары онлайн-окууга өттү

© AFP / INA FASSBENDERМектептеги класс. Архив
Мектептеги класс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Мындай чечим облус бийлиги тарабынан 29-апрелде кабыл алынган. Аралыктан окутуу 11-майга чейин созулат.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Талас облусунда коронавирус кырдаалына байланыштуу мектептин бардыгы аралыктан окууга өттү. Маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова тастыктады.
Анын айтымында, чечим облус бийлиги тарабынан 29-апрелде кабыл алынган. Балдарды аралыктан окутуу 11-майга чейин созулат.
"Андан кийин абалды байкаштырабыз. Эгерде кырдаал жакшырбаса, чечимди өзгөртөбүз", — деди Жанузакова.
Ушул тапта Бишкекте жана Ошто да мектептер аралыктан окууга өтүп жатат.
Бүгүнкү маалымат боюнча, 277 кишиден вирус чыгып, үч бейтап каза тапкан. 202 кишинин айыгып чыкканы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0