Өкмөт Баткенге өзгөчө макам ыйгаруу маселесин карап жатат

© Sputnik / Эламан КарымшаковВоенный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Премьер Баткенде жабыркагандарга тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдор, мектептер, жарандардын талкаланган үйлөрү калыбына келтириле турганын айтты.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Өкмөт Баткенге өзгөчө макам ыйгаруу маселесин кароодо. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда жаткан Баткен окуяларынын жүрүшүндө жабыркагандардан кабар алганы барганда айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, премьер-министр жабыркаган жарандар менен маектешип, бийлик тарабынан чек ара маселесин чечүү үчүн жасалып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
"Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси — чыр-чатакты ырбатпастан, көйгөйдү чечип алышыбыз керек, — деди Марипов.
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Чек ара чыры боюнча 11 иш козголуп, ИИМ Баткенге дагы 20 тергөөчү жөнөттү
Эске салсак, 28-апрель күнү "Головной" суу бөлүштүрүү жайынын жанынан тажик жарандары шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкен. Ошол маалда эки тараптан 100-150дөй адам чогулуп, бири-бирин ташка алып баштаган. Андан соң эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Ошентип жаңжал бир нече күнгө созулуп кетти. Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 178 киши жабыркаган.
ӨКМден кабарлашкандай, кыргыз-өзбек жаңжалы учурунда Баткен жана Лейлек райондорунда 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция жана сегиз дүкөн жабыр тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0