ИИМ башчысы ооруканага түшкөн жоокерлерден кабар алды. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МВД КРСостояние здоровья сотрудников МВД, получивших ранения в результате вооруженного конфликта на кыргызско-таджикском границе
Состояние здоровья сотрудников МВД, получивших ранения в результате вооруженного конфликта на кыргызско-таджикском границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Учурда ок жеп жаракат алган аскер кызматкерлери Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, Улуттук госпиталда жана Улуттук хирургия борборунда дарыланып жатышат.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков орун басары Октябрь Урмамбетов болуп кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркап ооруканага түшкөн жоокерлерден кабыл алды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Медиктер бейтаптардын абалы тууралуу маалымат беришкен. Ниязбеков жабыркагандар менен сүйлөшүп, тезирээк сакайып кетүүлөрүн каалады.
"Ниязбеков министрлик дарылоого керектүү каражат менен камсыздоого көмөк көрсөтөрүн билдирди. Андан соң жоокерлердин жакындары менен жолугуп, жарадар болгондорго ар тараптуу колдоо боло турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ок жеп жаракат алган аскер кызматкерлери Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, Улуттук госпиталда жана Улуттук хирургия борборунда дарыланып жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0