Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик кагылышуусу. 2-майга карата Баткендеги абал боюнча онлайн-репортаж

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүүнүн экинчи күнү. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Баткенде түн тынч өтүп, ушул тапта дагы абал туруктуу.
Кечээ кечке маал тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык мекенине кайтарылган. Ошол эле учурда Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкеси ачылып, унаалар тоскоолдуксуз өтө баштады
Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп эртеси да, андан кийинки күнү да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 173 киши жабыркаган.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
22:38 02.05.2021
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920
Чек ара чырында талкаланган үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет
22:26 02.05.2021

Материалдык чыгым эсептелип бүтөрү менен талкаланган мүлктөрдү калыбына келтирүү иштери башталат. Бир дагы жабырлануучу четте калбай, бардыгына көңүл бурулат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунун чек ара жаңжалы болгон аймактагы эли менен жолугушуп жатканда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Марипов мектепте убактылуу баш калкалап турган 144 кишиден кабар алды.

22:23 02.05.2021
19:54 02.05.2021
19:36 02.05.2021

Ар бир мамлекеттин чыр-чатакка чейин ээлеген жери өз менчигинде калат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Максат айылында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ага түндө болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунда эмнелер тууралуу кеп болгону боюнча суроо узатылган.

Ташиевдин айтымында, чек аранын бардык тилкелеринде тынчтыкты орнотуу бир нече жолу сүйлөшүлдү.

"Биринчиден, чек ара тилкелеринен оор техникаларды, аскерлерге тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып чыгып кетүү, экинчиден, ар бир мамлекет өзүнүн чыр-чатакка чейин ээлеген жеринде гана калуу макулдашылды. Үчүнчүдөн, келишимдердин аткарылышы боюнча комиссия түзүлүп, ал жеринде маселелерди териштирип, карап, чечип турат. Ошонун натыйжасында түн жакшы өттү, ок атуу, ызы-чуу жана башка укук бузуулар болгон жок", — деди Ташиев.

Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу түнкү үчкө чейин созулуп, протоколго кол коюлган. Бирок анда эмнелер жазылганы тууралуу кенен маалымат жок.

19:28 02.05.2021

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-майын Кыргыз Республикасынын улуттук аза күтүү  күнү деп жарыялоо жөнүндө президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык Тышкы иштер министрлигинде, Кыргызстандын бардык чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде мамлекеттик желектер түшүрүлүп, көңүл айтуу китепчелери ачылды.

Ушул жылдын 2-майында Бишкек шаарында аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары,  өкүлдөрү көңүл айтып, ТИМдин имаратында ачылган китепке тиешелүү жазууларды калтырууну улантышты.

 

19:25 02.05.2021

"Баткенге жардам" штабына 60 коробка менен дары-дармек жана медициналык каражат чогулган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматта Дары-дармек департаменти тарабынан препараттар иргелип, иедициналык жүк Баткенге жөнөтүлгөнү айтылат.

19:20 02.05.2021

Штаб Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан. Ал жактагылар өкмөт башчыга чек арадагы чырдан жапа чеккендерге кайдыгер карабаган жарандардан келип жаткан жардамдар кандайча бөлүштүрүлүп жатканын айтып беришти.

Өкмөт башчы өз кезегинде аларга ыраазычылык билдирип, жаңжалдан жабыр тарткандардын баарына жардам берилерин белгиледи.

Работа штаба добра Помощь Баткену в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18:46 02.05.2021
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920
Ташиев: тажик тараптан зыяндын ордун толтурууну талап кылбайбыз
18:41 02.05.2021
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан
18:09 02.05.2021

Ташиев: үйлөр курулганга чейин Максат айылынын жашоочулары ӨКМдин чатырларында жашап турат.

Председатель ГКНБ Камчыбек Ташиев  - Sputnik Кыргызстан
17:53 02.05.2021

Тажик тараптан зыяндын ордун толтуруп берүүнү талап кылбайбыз. Эгер өздөрү күнөөсүн мойнуна алып келсе карап көрөбүз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлектин Максат айылында эл менен жолугуп жатып билдирди.

17:50 02.05.2021

Ташиев: Алгач социалдык маселелерди чечебиз. Күйгөн үйлөрүңөргө кабатыр болбогула. Өзүбүздүн мүмкүнчүлүк менен үй курабыз, күйүп кеткен автоунааларды да ордун толтурууга аракет кылабыз. 

Жергиликтүү жашоочулар насыя алган тургундардын маселесин көтөрдү. Ташиев ага жооп иретинде пайыздары боюнча жардам көрсөтүлөрүн айтты.

17:50 02.05.2021

Ташиев: кагылышуунун болорун алдын ала билгенбиз. Бизде маалыматтар бар болчу. 

17:36 02.05.2021

Ташиев: Адамдын өмүрү, ден соолугу эч качан ордуна келбейт. Мындан ары адам өлүмү болбосун деп согушту токтотууга аракет кылдык. Кошуналар менен ынтымакта жашоо учун бизден катачылык кетпеши керек. Күйгөн үйлөрдү калыбына келтирүүнү мамлекет мойнуна алат.

17:35 02.05.2021

Артем Новиков: Бардык үйлөрдү, социалдык объектилерди калыбына келтиребиз. Кимдин эсебинен, кайсы каражатка экенин азыр айта албайм, бирок мен оңдоого кепилдик берем. Зыяндын көлөмүн аныктайбыз.

17:33 02.05.2021

Учурда Максат айылында жергиликтүүлөр менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, биринчи вице-премьер Артем Новиков жана өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жолугууда. 

Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
17:21 02.05.2021
17:14 02.05.2021

Баткен облусуна жиберилген гуманитардык жардамдарды аксакалдар, коомдук уюмдардын жана жаштардын өкүлдөрү кирген атайын комиссия бөлүштүрүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, бул комиссия белгилүү бир жерге кандай жардам керек экендиги жөнүндө маалыматтарды чогултуп, анализдеп, андан кийин келип түшкөн гуманитардык жардамдарды Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарына таратат.

Бишкекте гуманитардык жүк чогултулуп, акт түзүлүп, "Баткенге жардам" республикалык кайрымдуулук штабына жөнөтүлүүдө. Жүк жүктөлгөн унааларга атайын жолдомолор берилет.

"Гуманитардык жардамды өз алдынча чогултуп жаткан жарандар көп экен. Мен аларды жүк өз дарегине коопсуз жетиши үчүн "Баткенге жардам" штабы аркылуу жөнөтүүгө үндөгүм келет. Бишкектен жүктөлүп жаткан гуманитардык жүктүн тизмесин Баткендегилер алдын ала жиберип коюууну да суранып жатышат. Анткени алар жүк жеткиче алдын ала кайсы пунктка канча жардам, кандай жардам керек экенин аныктап, тактап коюшат. Гуманитардык жардам жетээри менен токтоосуз өз даректерине жиберишет", — деди Солтонбекова.

Медиа-штаб менен байланышуу жолдору:

Дареги: М.Баетов көчөсү, 101,“B Hotel”

WhatsApp: +996708899709

Telegram: Медиа Штаб КР

Эл.дарек: mediashtabkg@gmail.com

Instagram: mediashtab.kg

Facebook: КР Президентинин Аппараты / Аппарат Президента КР / Office of the President of the KR

Twitter: @mediashtab.kg

17:02 02.05.2021

Баткендеги чек ара чырында жарадар болгон 162 кишинин 118ине ок тийгенин ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Жаракат алгандардын арасында Чек ара кызматынын 12 жоокери, ИИМдин 17 кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон. Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10нуна таш тийген. Үч жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон.

17:01 02.05.2021

Баткенде чыр-чатак боюнча иликтөө жүргүзүүгө Бишкектен кошумча 20 тергөөчү жөнөтүлгөн.

17:00 02.05.2021

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу брифингде ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, бул фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Массалык башаламандык", "Тынчтыкка каршы кылмыштар", "Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо", "Ээнбаштык", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "Киши өлтүрүү" беренелери менен катталган.

16:59 02.05.2021
16:54 02.05.2021

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатканын премьер-министр Улукбек Марипов чек ара чырынан жабыркап ооруканага түшкөндөрдү көрүүдө барганда айтты.

"Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси – чыр-чатакты ырбатпастан, көйгөйдү чечип алышыбыз керек, — деди Марипов.

16:54 02.05.2021
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920
ӨКМ Баткендеги жаңжалда талкаланган объектилердин тизмесин берди
16:52 02.05.2021

Максат айылы Кулунду айыл өкмөтүнө карайт. Мында жалпысынан 200дөй түтүн жашай турганын айыл өкмөт башчысы Кудайберди Тажибаев билдирди.

16:15 02.05.2021
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан
15:53 02.05.2021

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, кагылышуудан 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн жабыр тарткан.

Баткен району боюнча (алдын ала маалыматтар боюнча):

  • 30 турак үй;
  • 2 мектеп;
  • 1 бала бакча;
  • 1 ФАП;
  • 1 ички аскерлер имараты,
  • "Миң-Булак", "Достук" чек ара заставаларынын имараттары.

Лейлек району боюнча:

  • Максат айылында 11 турак үй;
  • "Максат" чек ара заставасы;
  • Сада айылында 3 турак үй;
  • Раззаков участкасынын Папалин айылында 2 турак үй;
  • Арка айылында 9 турак үй, 10 май куюу жайы, 8 дүкөн;
  • Достук айылында 12 турак үй;
  • Борбордук айылында 11 турак үй жабыркаган.

Азырынча жабыркаган объектилер боюнча материалдык чыгымдын суммасы айтыла элек.

15:49 02.05.2021
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан
15:33 02.05.2021
14:48 02.05.2021

Бейтаптар Тарвматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, Улуттук госпиталда жана Улуттук хирургия борборунда дарыланып жатышат.

Состояние здоровья сотрудников МВД, получивших ранения в результате вооруженного конфликта на кыргызско-таджикском границе - Sputnik Кыргызстан
14:23 02.05.2021

Текст толугу менен берилет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинедеги акыркы окуялардын жүрүшүндө курман болгон мекендештерибиздин жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. 

«Кымбаттуу мекендештер

Баткен облусунда орун алган кайгылуу окуяларга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жарандардын жана жаш наристелердин курмандыгына алып келген жаңжал кайгысы Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүн жаралап өттү. 

Жүздөгөн үй-бүлөгө кайгы алып келди. Эч кандай көңүл айтуулар менен жалп өчкөн мекендештерибиздин өмүрүн кайтарып ала албайбыз. Алардын элеси өлкөнүн ар бир жаранынын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат! 

Кыйын кезеңде бир муштумга түйүлүп, кагылышуу аймагында калган тургундарга көмөк көрсөткөн жарандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет. 

Конфликттин ырбоосуна жол бербөө үчүн колдон келген аракетин жасаган укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн солдаттарына, сержанттарына жана офицерлерине ыраазычылык билдирем.

Курман болгон мекендештерибиздин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жаракат алган жарандарыбыздын тез арада айыгып кетүүсүн жана чың ден соолукта болуп, узак жашоосун каалайм.

Мамлекет тараптан курман болгондордун жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамдар көрсөтүлөт. Зарыл финансылык жана башка ресурстар талкаланган турак-жайларды, социалдык жана чарбалык маанидеги объектилерди тезинен калыбына келтирүүгө багытталат.

Мекенибиз Кыргыз Республикасында ар дайым тынчтык, элибизде ажырагыс биримдик болсун".

14:20 02.05.2021

Баткен облусуна гуманитардык жардам иретинде гуманитардык жардам чогултуу түйүндөрүнөн, анын ичинде Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында уюшулган «Баткенге көмөк» штабынан төмөнкүлөр жөнөтүлдү: 

- ун – 58, 035 тонна

- өсүмдүк майы – 4 116, 46 литр

- күрүч/гречка – 12 123 кг

- макарон – 21 807 кг

- кумшекер – 14 256,6 кг

- картошка – 55,5 тонн

- пияз, сабиз, капуста – 4 318 кг

- кургатылган жемиштер – 3 кг

- конфет, печенье – 486, 6 кг

- туз, чай, ширеңке – 3 848, 87 таңгак

- консервацияланган продуктулар – 2 140 даана

- жеке гигиена каражаттары – 5 302 даана 

- памперстер - 166 таңгак

- оюнчуктар - 10 даана

- жууркан, жаздык, шейшеп – 725 даана

- матрастар – 24 даана

- кийим-кече – 1 298 даана 

- эт – 100 кг

- нан – 4 526 даана

- дары-дармек –642 миң сом суммасында

- шире, суусундуктар – 1 573 даана 

- күйүүчү-майлоочу майларсмазочные материалы – 20 тонна

14:15 02.05.2021

Саат 13:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу экендиги маалымдалды. Кошумча күчтөр менен каражаттарды алып кетүү иштери уланууда.

Ошондой эле "Головной" суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргеликте карап чыгышкан. Учурда комиссия Баткен районунун Ак-Сай жергесинде иштеп жатат.

14:13 02.05.2021

Баткен районунун Ак-Татыр айыл башкармалыгынын Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылды. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 29-апрелде тажик аскерлери Ми-24 тик учагы менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлерине абадан чабуул жасаган.

"Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылды. Ал жарылбай калгандыктан, үйдүн тургундары жабыркашкан эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде тергөө тобу иштеп жатат.

13:59 02.05.2021

Депутаттардын тобун төрага Талант Мамытов баштап келди. Өкмөттүн өкүлдөрү менен кеңешме өткөргөн соң чек ара чыр-чатагында жабыркаган жергиликтүү тургундар менен да жолугушмакчы.

Эл өкүлдөрү гуманитардык жардам да ала келишкен. Парламенттин атынан жарандарга дары-дармек, азык-түлүк жана башка зарыл товарлар берилери айтылды.

Прибытие группы депутатов ЖК в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
13:13 02.05.2021

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Арка-1, Арка-2 айылдарынын элдери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө 2021-жылдын 2-май...

Опубликовано Адинай Жаныбаевной Суббота, 1 мая 2021 г.
13:12 02.05.2021

Учурда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткенде жүрөт. Маалымат кызматы министр өзү операцияларга катышып жатканын жазды.

2021-жылы 2-майдагы таңкы маалыматка ылайык, жалпы жабырлануучулардын саны 178 адам, анын ичинен тилекке каршы 34...

Опубликовано Министерство здравоохранения и социального развития Суббота, 1 мая 2021 г.
13:09 02.05.2021

Барымтага алынган 10 кыргызстандык кечээ эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бошотулган. 

"Бүгүн алардын ичинен беш жабырлануучу ооруканага жаткырылды, абалдары туруктуу", — деп айтылат Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта.

13:03 02.05.2021

Акыркы маалыматтарга ылайык, ок атышуу болгон аймактан Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Карабак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпы 33 388 адам эвакуацияланды. Алардын ичинен 19 142си балдар.

12:52 02.05.2021

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан көз жумган 31 жарандын жакындары менен жолугуп, аларды сабырдуу, күчтүү, кайраттуу болууга чакырды. Маалыматты муфтият таркатты.

Муну менен катар маркумдардын рухтарына багыштап куран окуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элибиздин амандыгы үчүн дуба кылынды.

Аталган жолугушууга түштүк аймагындагы казылар жана облустук казыяттын эмгек жамааты катышты.

“Мамлекетибиздин мындан ары тынчтыгы, бакубат жашоосу үчүн дайыма дуба кылып, Жаратканга жалбаралы. Маркумдарыбызды Алла Таалам өз ырайымына алсын. Мындай оор жоготуу кайталанбасын. Энелердин көз жашы акпасын, ар бир үйдө бейпил жашоо болуп, өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун", — деди Шергазыев.

Соболезнования родственникам погибшим в кыргызско-таджикском приграничном конфликте - Sputnik Кыргызстан
12:44 02.05.2021

Баткендеги чек ара жаңжалынан жаракат алган сегиз киши кечээ түнү Бишкекке которулду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда борбордо жалпы 56 бейтап дарылануусун улантууда. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 35, Улуттук госпиталда 12, ал эми Улуттук хирургия борборунда 9 жабырлануучу бар.

"Бишкекке которулган бейтаптардын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор. Алты бейтаптын абалы оор, калгандарыныкы орточо оор жана канааттандырарлык деп бааланууда. Айрымдарга шашылыш операция жасалды, кийинки аптада дагы уланат", — деди Солтонбекова.

Мындан тышкары, Баткен облустук бириккен ооруканасында жети, Кадамжай аймактык ооруканасында 16, Самаркандектеги ооруканада эки жана Лейлектеги ооруканада жети бейтап дарыланууда. Жаңжалдан жабыркагандардын бири Баткен облустук ооруканасынын фельдшери Ашыралы Бурканалы уулунун баш мээси чайкалган.

Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Бишкекте жана Баткенде жабырлануучуларды кабыл алып жаткан бардык саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жана анын компоненттери жетиштүү экени белгиленди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандан 34 киши көз жумуп, 178 киши жабыркаган.

12:07 02.05.2021

Баткен облусунун Маргун айылына эвуакацияланып келген тургундарга ӨКМ тарабынан 3 КамАЗ гумжардам жеткирип берилди. Жүк эртең менен жөнөп кеткен болчу.

Доставка гуманитарной помощи в село Маргун Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
11:50 02.05.2021

Жолугушуу түнкү саат үчкө чейин созулган.

11:15 02.05.2021
Кыргызско-узбекская граница - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргыз-тажик чек арасындагы басылбаган чырлар. Абал кантип жөнгө салынып келген
11:06 02.05.2021

Сүрөттөрдө Көк-Таш айылынын аймагы, Төрт-Көчө участогуна жакын жер тартылган. Sputnik агенттигинин кабарчылары жеринен билдиргени боюнча аймакта абал тынч, каттам калыбына келип, автоунаалар эки тараптуу жүрүп жатышат.

Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
11:02 02.05.2021

Маалыматты ӨКМ таратууда.

Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
10:57 02.05.2021

Аза күнүнө карата өлкө аймагындагы мечиттерде маркумдарга багышталып куран окулуп, мамлекеттин тынчтыгы үчүн дуба кылынат. Бул тууралуу муфтият кабарлап, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин буйругу чыкканын айтты.

"Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар, аскер кызматкерлери арасында көптөгөн жарандарыбыз каза болуп, жарат алышкан. Бул каргашалуу окуяга карата өлкөнүн бардык аймагындагы мечиттерде, диний окуу жайларда таравих, беш маал намаз убактыларында маркумдардын арбагына багышталып куран окулуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, өлкөбүздүн бакубат жашоосу үчүн дуба кылынмакчы", — деп айтылат маалыматта.

10:36 02.05.2021
10:01 02.05.2021

Акыркы маалымат боюнча чек ара жаңжалынан 34 кыргызстандык каза таап, 173 киши жабыркады. Кыргызстанда 1-2-май Аза күтүү күндөрү деп жарыяланган.

09:59 02.05.2021

Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасына тартылган кошумча күчтөр кайтарыла баштаганын билдирди. Кыргызстандан аталган иштерди Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев координациялоодо.

09:53 02.05.2021

Бүгүн, 2-майда, Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Чек арага жакын айылдар толугу менен көзөмөлдө. Абал тынч, түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Бир нече айылга блокпосттор коюлуп, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Жаңылыктар түрмөгү
0