ИИМ: Баткенде түн тынч өттү, айылдар толугу менен көзөмөлдө

© Sputnik / Эламан КарымшаковКонфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном
Конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Министрликтин билдиришинче, облус аймагында абал тынч, түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Бүгүн, 2-майда, Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Чек арага жакын айылдар толугу менен көзөмөлдө. Абал тынч, түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Бир нече айылга блокпосттор коюлуп, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Баткен шаарынын аймагында милициянын кайгуул тобу коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн түнкү жана күндүзгү күзөттө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Ошондой эле Баткен районунун Ош — Исфана унаа жолу толугу менен катуу көзөмөлгө алынган.
Үч күндөн бери бөгөп турушкан. Төрт-Көчө тилкесинин ачылган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Үч күндөн бери бөгөп турушкан. Төрт-Көчө тилкесинин ачылган видеосу
Милиционерлер коомдук коопсуздукту ыктыярдуу элдик кошуундардын, айыл жана квартал башчылары менен биргеликте көзөмөлдөп жатат.
Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп эртеси да, андан кийинки күнү да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Атышуудан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 173 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кечээ тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0