Катуу ылдамдыктагы унаа бет маңдай келгенде биринчи эмне кылуу керек? Кеңеш

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАвтомобильная дорога М-11 Москва — Санкт-Петербург
Автомобильная дорога М-11 Москва — Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Адистин пикиринде, мындай кырдаал айдоочуну кошумча кырсыкка себепчи болууга түртүп коюшу ыктымал. Ошондуктан тилкеден чыкпоого аракет жасаган оң.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа бетме-бет келген учур айдоочунун шаштысын кетирип, туура эмес аракеттерге түртөт. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине автоунаалар боюнча адис Егор Васильев билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин пикиринде, мындай кырдаал айдоочуну кошумча кырсыкка себепчи болууга түртүп коюшу ыктымал.
"Сиз өз тилкеңизде бара жатсаңыз кокусунан эле учкан бойдон бет маңдайдан унаа чыга калса, эң оболу тормозду басыңыз. Себеби кагылышуудан качууга мүмкүн болбой калган учурда тормозду басуу соккунун күчүн аз да болсо төмөндөтөт. Натыйжада унаанын коопсуздук тутумуна басымды көтөрүү оңой болот", — деген адис.
Велосипедчи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2020
71 кырсык катталган. Кайгуул милициясы велосипедчендерге 5 кеңеш берди
Мындай кырдаалда ылдамдыктын бир аз төмөндөшү да соккунун жайыраак болушун шарттайт. Чукул арада тормозду басуу сиз үчүн кырдаалга сереп салууга аз да болсо мүмкүнчүлүк берет.
"Кандай болгон күндө да сиз тилкеңизден чыкпоого аракет кылыңыз. Антпесе сиз башка унаалардын да кагылышып кетүүсүнө себепчи болуп калышыңыз ыктымал. Мында айыпкер сиз болосуз. Кошумча кырсыктарды болтурбоого толук көзүңүз жеткен учурда гана башка тилкеге бура качсаңыз болот", — деген Васильев.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0