Арка айылынын тургуну Гүлайым: бир сутка талаада жаттык, кошуна эжем каза тапты

© Sputnik / Эламан КарымшаковАрка айылынын тургуну Гүлайым Добутова
Арка айылынын тургуну Гүлайым Добутова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Учурда Баткендин борборунан Лейлек районуна баруу мүмкүн эмес. УКМК Тажикстандын аскерлери чек аралаш Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылына бүгүн да чабуул жасаганын билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган Арка айылынын тургуну Гүлайым Добутова менен телефон аркылуу байланыша алды.
Бул айылдын тургундары 29-апрель күнү шашылыш түрдө эвакуацияланып, бир сутка талаада түнөшкөн. Добутова бул учурда бир аялдын кан басымы көтөрүлүп көз жумганын айтты.
"Көчөгө чыксак эле балдар "чыккыла" деп кыйкырып атыптыр. Коркконубуздан балдарыбызды жетелеп машинага түшкөн тейде качыптырбыз. Үйүбүз бекитилбеген бойдон, очокто тамагыбыз кайнап жаткан, ошол бойдон калды. Мындай болорун билсек биз документтерибизди, акчаларыбызды сала чыкмакпыз да. Эч нерсе алганыбыз жок, мурдагыдай тез эле тынчыса үйүбүзгө кайтабыз деп ойлогонбуз. Эртеси "бул жерге жатпагыла" деп кайра машинага салып Маргун айыл өкмөтүнө алып келишти", — деди Добутова.
© Sputnik / Эламан КарымшаковЖительница села Арка Гулайым Добутова
Жительница села Арка Гулайым Добутова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жительница села Арка Гулайым Добутова
Ошондой эле ал качып келгендердин арасында кан басымы көтөрүлүп жаткандар көп экенин айтат. Жеринде медиктер иштеп жатат.
Аскердик техника. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Чек ара кызматы: Тажикстандан чек араны көздөй аскердик техника келе жатат
"Бир кошуна эжебиз 46 жашта болчу. Түнү менен кан басымы көтөрүлүп жатып эртең менен каза болуп калыптыр. Азыр жаназасы окулуп жатат. WhatsApp аркылуу "мындай-андай болуп" атат деген ар кыл маалыматтарды окуп отуруп эле кан басымы көтөрүлүптүр. Маңдайында отуруп эле өтүп кетсе кызыктай болот экенсиң да", — деп ыйлады Добутова.
Бул айылга азык-түлүк жеткирүү да оңойго турбайт. Бирок азырынча тамак-ашка өтө муктаждык жок экенин билдирди.
"Кечээ бир аз азык-түлүк келген. Азыр эркектерибиз ун берет экен деп кетишти. Жаш баласы бар келиндер подгузниктен кыйналып атат. Үйүнөн эле эч нерсе албай качышкан да. Дагы бир аял "үйүндө 20 жаш бала бар экен, тамак-аш келсе жөнөтүп коюңуз" деп чалды. Карылар дагы кыйналып атат. Негизи талаалап жүргөн баарына эле кыйын да. Кечээ бир айылды каптап үйлөрүн өрттөп, дүкөндөрдү, тиричилик техникаларын тоноп кетишкен. Үч күндөн бери мал-жаныбыз эмне болду, билбейбиз. Уул-кыздарыбыз 11-классты бүтүп атат, аларды окуталы деп багып отурганбыз", — деди Добутова.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук, Борбордук, Жаштык жана Арка деген төрт айыл бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0