Министрдин орун басары: Лейлекке гумжардамды учак менен жеткиребиз

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАскердик учак. Архив
Аскердик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Лейлектин айрым тургундары тоо жакка качкандыктан, аларга азык-түлүк жеткирүү кыйын болуп жатканы маалым болду. Мындан улам өкмөт башчы гумжардамды учак менен жеткирүү тапшырмасын берген.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Лейлекке азык-түлүктү учак менен гана жеткире алабыз. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган райондо учурда азык-түлүк тартыш болуп жатат.
"Биздин министр да ошол жерде. Азык-түлүк тартыш болуп жатканын айтууда. Бирок жол жабык болгондуктан, ал жакка гуманитардык жардамды учак менен гана жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Өкмөт башчы да учак менен жеткирүү тапшырмасын берди. Аталган аймактагылар тоого качып кетишкен. Бир үйдө 7-8ден киши жашап, кыйналууда. Аларга да азык-түлүк учак менен жеткирүү маселеси каралып жатат. ӨКМ кызматы да бул боюнча кененирээк маалымат берет", — деди Солтонбекова.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жетектеген гумжардам Баткен облусунун Лейлек районунун Арка, Кулунду, Максат жана Маргун айылдарына жөнөтүлө турганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0