Баткенде кечээ ачылган Төрт-Көчө жолу кайра жабылганы айтылды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКонфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном
Конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, аталган жол кечээ аймакта абал турукташты дегенде ачылып, жолдогу таштар тазаланган.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу кайрадан жабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Азырынча бул маалыматты жергиликтүү бийлик тастыктай элек. Бирок блокпостто тургандар ал жакка кирүү азырынча кооптуу экенин айтып, артка кетирип жатканы маалым болду. 
Эске салсак, Төрт-Көчө жолу кечээ ачылып, каттам калыбына келген.

Баткендеги чек ара чыры

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги аскер кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Чек ара кызматы: түндө Баткенде ок атуу болгон жок

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп,
учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0