Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: эки кыргызстандык туткунда деген маалымат жалган

© AFP / NOEL CELISКолу таңылган адам. Архив
Колу таңылган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Социалдык тармактарга комментарий менен коштолуп тарап жаткан видеонун болжол менен 2017-жылы тартылгандыгы айтылды.
БИШКЕК, 1-май. – Sputnik. Социалдык тармактарда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тажик аскерлери эки кыргызстандыкты колго түшүрдү деп тарап жаткан маалымат жалган. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Бул видео болжол менен 2017-жылы тартылган жана 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Баткендеги чек ара чыры

Ок жааган үйлөр, баласын кучактап муңайган энелер. Баткендеги абалдын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Ок жааган үйлөр, баласын кучактап муңайган энелер. Баткендеги абалдын видеосу

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашкан.
Чек арадагы трагедиядан улам 2021-жылдын 1-2-май Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0