Суваналиев: тажик аскерлери Баткендин жаңжал болгон аймагынан чыгып кетти

© Sputnik / Эламан КарымшаковБаткен районундагы аскер кызматкерлер
Баткен районундагы аскер кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Облус жетекчисинин айтымында, кыргызстандык аскерлер мина коюлушу мүмкүн болгон аймактарды текшерип жатышат. Жер-жерлерге блокпосттор коюлду.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери Баткен облусунун аймагынан чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты облус башчысы Өмүрбек Суваналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
"Тажик тарап аскерлерин алып чыгып кетти, айылдардын бардыгы бошотулду. Кыргызстандык аскерлер мина коюлушу мүмкүн болгон аймактарды текшерип жатышат. Бул иштер бүткөндөн кийин коопсуз жайдагы тургундар үйүнө келе берсе болот. Коңшу өлкөнүн аскерлери ок атышууну токтотуу келишиминен кийин кете башташкан. Акыркы аскерлери өрттөлүп кеткен эки айылда болчу, алар да кетишти азыр", — деди Суваналиев.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Учурда жер-жерлерге блокпосттор коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү.
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирине ок атып чатак ырбаган. Жаңжалдын кесепетинен Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0