Футболдук союз чек арада көз жумган футзалчы Султанбектин жакындарына көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликтеги гүлдөр. Архив
Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
19 жаштагы Султанбек чек арадагы куралдуу кагылышууда тажик тараптын аткан огунан каза тапкан адамдардын катарында болгон.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футболдук союзу Баткендеги чек арадагы атышууда каза болгон футзалчы Султанбек Абдибахап уулунун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу билдирүү футболдук уюмдун социалдык баракчасына чыкты.
19 жаштагы спортчу өлкөнүн футзал боюнча Суперлигасында Баткен облусунун "Нур-Баткен" клубунда ойногон. Ошол эле учурда "D" категориясындагы машыктыруучулук лицензиясын алган. Мындан сырткары, жаштар арасындагы чемпионатта калыстык кылып келген.
"Кыргыз футболдук союзу Султанбек Абдибахап уулунун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ызасын тең бөлүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Акыркы маалымат боюнча, чек ара чырынан каза тапкан кыргызстандыктардын саны 31ге жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0