Министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткенге учуп кетти

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Улуттук госпиталь менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлеринен түзүлгөн топ Исфана шаарына бара турганы айтылды.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн аталган аймакка учуп кетти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн министр менен кошо эки хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр оорулары боюнча хирург, жаак-бет хирургу, эки анестезиолог-реаниматолог жана травматолог кеткен.
Улуттук госпиталь менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө  борборунун дарыгерлеринен түзүлгөн топ Исфана шаарына бара турганы айтылды.

Баткендеги чек ара чыры

Баткен облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Өкмөттүн алдында "Баткенге жардам" штабы түзүлдү. Телефондору

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0