Камчыбек Ташиев Баткенге барып, эл менен жолукту

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Дарылануу үчүн Германияга учуп кеткен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келип, кыргыз-тажик жаңжалы чыккан Баткен облусуна жөнөп кеткен.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, облустук администрациянын алдына чогулган эл менен жолукту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.
"Ташиев облустук администрациянын алдында чогулган элди тынчтыкка чакырып, курал колдонулбасын, бардыгы тынчтык жолу менен чечилерин айтты. Ал элди тарап кетүүгө чакырып, өзү Кызыл-Бел айылы менен Исфара районуна караштуу Гулистон айылына абалды байкоо үчүн жөнөп кетти", — деди кабарчы.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Аскер автомат менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Баткен милициясы: тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтага алышты
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0