331 кишиден COVID аныкталып, 6 бейтап көз жумду. Статистика

© REUTERS / HENRY ROMEROМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын арасынан алты киши каза тапты. Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери 1 604 кыргызстандык көз жумду.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Соңку бир күндүн ичинде өлкөдө 331 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда 268 киши айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Ошол эле учурда алты киши вирустан каза тапты. Алардын экөө Бишкек шаарынан, экөө Чүй облусунан жана экөө Ысык-Көл облусунан экени белгилүү болду. Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери 1 604 кыргызстандык көз жумду.
Катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек шаары – 211;
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 83;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Баткен облусу – 2.
Сакайып чыккандар:
  • Бишкек шаары – 172;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 71;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу –3.
Өлкө боюнча жалпысынан вирус жуктургандардын саны 95 275ке жетип, анын ичинен 89 191и сакайып кетти.
Акыркы сутка ичинде 5 099 ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө стационарда 1 477 кыргызстандык бар болсо, үйүнөн 2 012 бейтап дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0