Жогорку соттун жаңы төрайымы кызматкерлерге талап койду

© Фото / пресс-служба Верховного суда КРЖогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жыйын учурунда
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Төрайым учурда сот тармагында чечүүнү талап кылган маселелер бар экенин айтып, бирок бул нерсе иштин сапатына таасир этпеши керектигин эскертти.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Сот департаментинин кызматкерлерине жана сот аткаруучуларга жыйын өткөрүп, алардан сот системасынын беделине көлөкө түшүрө турган иштерден оолак болууну талап кылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
"Сот органынын ар бир кызматкери эмгек дисциплинасын, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап, сот системасынын беделине көлөкө түшүрө турган иштерди кылбашы керек. Сот аткаруу жаатында чече турган көйгөйлөр бар экенин билем. Бирок бул нерсе силердин кесиптик милдетиңерди аткарышыңарга тоскоол болбошу керек", — деди Бакирова.
Эске салсак, Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0