УКМК: "Головной" суу бөлүштүрүү жайы Кыргызстандын стратегиялык объектиси

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүДамба. Архив
Дамба. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
УКМК Тажикстандын күч органдары мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерлерге коргонуу үчүн объектилерди орнотуп, өз элин Кыргызстандын жарандарына каршы аракеттерге үндөп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын стратегиялык объектиси болуп эсептелет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Тажик тарап кечээ, 28-апрель күнү, чек ара аймагындагы абалды курчуткан, азыр дагы дал ошондой аракеттерди жасап жатат. "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын стратегиялык объектиси болуп эсептелет. Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилиги "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын курулушу Кыргыз ССРи тараптан жүргүзүлгөнүн билбегени таң калтырууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле УКМК Тажикстандын күч органдары мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерлерге коргонуу үчүн объектилерди орнотуп, өз элин Кыргызстандын жарандарына каршы аракеттерге үндөп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Жай тургундардын жаракат алышы боюнча бардык жоопкерчилик Тажикстандын УКМКсында. Анткени алар чек арада абалды турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чыгуудан качып жатат. Биз тажикстандык кесиптештерди көйгөйдү чечүү үчүн жакын коңшу катары эл аралык укук принциптерин сактап, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырабыз", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Садыр Жапаров чек ара чырынан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда 11 кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0