Бишкекте дагы эки мектеп карантинге жабылды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМектеп бөлмөсүн дезинфекциялоо. Архив
Мектеп бөлмөсүн дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Учурда жалпы жонунан 16 мектеп аралыктан окууга өттү. Мектептен билим алышы керек болгон 1 862 окуучу ата-энесинин арызынын негизинде үйдөн окуп жатат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте дагы эки мектеп (№6, №33) жабылды. Буга окуучулардан коронавирус табылганы себеп болду. Маалыматты мэрия таратты.
Ушуну менен жалпы жонунан 16 мектеп онлайн режимге өттү. Алар: № 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61.
Мындан тышкары, мектепке барышы керек болгон 1 862 окуучу ата-энесинин арызынын негизинде үйдөн окуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0