Садыр Жапаров калаа тургундарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Президент кыргызстандыктар үчүн борбор калаа дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналарын белгилеген.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров борбор калаанын тургундары жана меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкө жетекчисинин куттуктоо сөзүнүн толук тексти:
"Ардактуу Бишкек шаарынын тургундары!
Кадырлуу меймандар!
Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет
Борборубуз — өлкөбүз үчүн өзгөчө шаарлардын бири. Анткени кыргызстандыктар үчүн борборубуз дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналат.
Быйыл Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толот. Шаар күнүнө карата борбор калаабыз атын алып жүргөн даңазалуу Бишкек баатырдын айкелин орноттук.
Өлкөбүз эгемендик макамын алгандан бери борборубуз өз өнүгүүсүндө экономикалык, транспорттук, билим жана маданий борбору катары маанилүү баскычты басып өтүүдө.
Шаар жаңы рынок шартында, жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып, өнүгүүдө. Бир миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаарында жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, жолдор оӊдолуп, көрктөндүрүлүп, кооз, жашыл, ыңгайлуу шаарга айланып келе жатат.
Бишкек шаарынын эң баалуу байлыгы — бул анын тургундары. Шаардын өнүгүп-өсүү тарыхында көптөгөн муундардын, түпкүлүктүү жашоочулардын жана тагдыр толкуну менен келип отурукташкан кесипкөй адистердин эмгеги жана салымы чоң. Бул байлыкты сактап калуунун, өнүктүрүүнүн келечек үчүн чоң мааниси бар.
Урматтуу шаардыктар жана коноктор!
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2020
Бутуна туруп кетиши үчүн Бишкекке канча акча керек? Борбор калаа тууралуу 142 факт
Бишкек биз үчүн өнүгүп-өсүүгө дем берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга шыктандырган, бардыгын жүрөгүнө батырган, жаркын келечекке үндөгөн сүйүктүү шаарыбыз боло берет.
Бул үчүн биз, баарыбыз, жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн кичи мекени бар экендигине карабастан, борбор калааны сүйө жана баалай билиши зарыл. Бишкек — бул сиздер менен биздин үйүбүз. Биз үйүбүздү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.
Урматтуу бишкектиктер!
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаймын. Ар бир үйгө береке толуп, борборубуз Бишкек мындан ары гүлдөп, өнүгүп өсө берсин!".
Жаңылыктар түрмөгү
0