Бишкекте алты адам каза болуп, өлкөдө 345 кишиден COVID чыкты. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгелер. Архив
Ооруканадагы дарыгелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Жалпысынан коронавирус жуктургандардын саны 94 944кө жетип, анын ичинен 88 923ү сакайып кетти.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Соңку бир күндүн ичинде өлкөдө 345 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда 265 киши айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Ошол эле учурда алты киши вирустан каза тапты. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болгон. Бүгүнкү статистиканы кошкондо пандемия башталгандан бери 1 598 кыргызстандык көз жумду.
Катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек шаары – 224;
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 77;
  • Ош облусу – 9;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Баткен облусу – 1.
Сакайып чыккандар:
  • Бишкек шаары – 166;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 75;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 1.
Өлкө боюнча жалпысынан вирус жуктургандардын саны 94 944кө жетип, анын ичинен 88 923ү сакайып кетти.
Акыркы сутка ичинде 6 042 ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.
Ал эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 23 624кө жетти. Алардын ичинен 661и вакцинанын экинчи дозасын алууга жетишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0