Иште COVID жуктуруп көз жумган кызматкерге 20 жылдык айлыгын төлөө сунушталууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада
Медициналык кызматкерлер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Өлкөнүн профсоюздары бул багыттагы токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, өкмөткө кайрылды.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Коронавирус профессионалдык оорулардын тизмесине киргизилиши керек. Бул тууралуу Тоо-металлургиялык профсоюздарынын борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, мындай сунушту Эл аралык эмгек уюму берет. Өлкөнүн профсоюздары тийиштүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, өкмөткө кайрылды.
Бишкекте киши COVID-19дан каршы Спутник V вакцинасы менен эмделип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
"Спутник V" вакцинасын алган кыргызстандыктардын абалы айтылды
Ага ылайык, кызматкердин коронавирус менен жабыркап каза болушу эмгек милдетин аткарууга байланыштуу деп таанылышы керек. Илдеттен каза болгон адамдын, маселен, медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө каражат төлөнүшү кажет. Ошондой эле үй-бүлөсүнө ай сайын төлөмдөр берилип турушу зарыл.
Тажибаев коронавирус пандемиясы башталгандан бери 100дөн ашык медицина кызматкери каза болгонун белгиледи.
Эксперт белгилегендей, эң маанилүү баалуулуктар, адамдын ден соолугу, өмүрү жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, жумуш берүүчүлөр эмгекти коргоо маселелеринде көбүрөөк жоопкерчиликтүү болуш керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0